Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

ОШТО “АК ЖОЛ” ПАРТИЯСЫНЫН ЛИДЕРЛЕРИН КУУП ЧЫКПАЙ АЗ КАЛДЫ


Парламенттик шайлоо астанасында партиялардын биргелешкен жолугушуулары саясий тирешүүлөр менен коштолууда. Ош шаарында кезигүү учурунда жаалданган шайлоочулар «Ак жол» партиясынын Оштогу лидерлеринин бирин залдан кууп чыга турган болушканда, жанындагылар арачылап калышты.

«Ата Мекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоо адилет өтөөрүнө көзү жетпегендигин билдирип, мунун акыры бийликтин аброюн биротоло кетирип, өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирет деп кабатыр.


- Мамлекеттик органдар адилет тургандын ордуна губернаторлор, президент баш болуп бир партиянын пайдасына ачыктан-ачык иштеп жатат. Сот дагы, БШК дагы бул кылганы туура эмес. Бийликтин авторитети кетет дегеним, демек ага нааразычылык акциялар өзүнөн өзү пайда боло баштады. Бийлик адилет, калыс болгондо эл тынч болот. Бул Кыргызстандагы саясий абалды мындан ары дестабилдештирип, нааразылык акцияларын күчөтүшү мүмкүн, - дейт Өмүрбек Текебаев.

«Асаба» партиясынан депутаттыкка аттанган Дооронбек Садырбаев улуттук телеканалдын алакчылаганына капаланды:

- КТР өзүнүн көрсөтүүлөрүн Адахан Мадумаровдун “Ак жол” партиясынын атынан жолугушуулары менен баштайт, калган партияларга 2 секунддан гана берип атат. Эмне үчүн БШК уктап отурат, эмне үчүн сотко берип туруп “Ак жол” партиясын алып таштабайт, - деп БШКны сынга алды.

Социал-демократиялык партиянын жолбашчыларынын бири Жусупжан Жээнбеков Башмыйзамдын кепили Президент Бакиев өзү мыйзамды бузган менен анын түбүнө тегерегиндегилер жетет, шайлоо жыйынтыгы бурмаланса, Грузиядагы көрүнүш Кыргызстанда ашык-кеми жок кайталанат деген санаада:

- Президентти бүткүл эл шайлаган, мен дагы шайлагам, барына тегиз болуш керек. Андан мурун аянтта “Ак жолду” мактады, бул жерге келип алып ачыктан-ачык үгүттөп атат. Калганы өгөй бала болуп атат. 5 миллион бардык Кыргызстандын эли го. Алар биринчи “Адилет” партиясында жүрүшкөн, кийин “Алга Кыргызстанга” өтүштү, эми “Ак жолго” өттү. Мына ушулар президенттин түбүнө жетет, - дейт Жусупжан Жээнбеков.

«Эркин Кыргызстан» уюмунун башчысы Турсунбай Бакир уулу бийликке, анын ичинде парламентке кудайдан корккондор келмейинче, Кыргызстан оңолбойт деген оюнан кайта элек.

- Эгерде Кудайдан корккон адамдар келбесе, кайра эле элди, сиздерди алдай берет, - деди Турсунбай Бакир уулу.

«Ак жолдун» Оштогу лидерлеринин бири Шавкат Тажибаев залдагылардын суроолоруна жооп берүүгө компетенттүү эместигин туйдурду:

- Муну туура түшүнгүлө, мен профессионалдуу партия жумушчу катары айтып коеюн, эч ким эч кимди мажбурлап партияга киргенге аракет кылыш керек эмес. Ар кимдин жүрөгүндө болуш керек. Ошон үчүн бир эле “Акжол” партиясын мындай кылбагыла.

Ош мамлекеттик университетинин мугалими Айбек Исаев «Ак жолго» кирбегендиги үчүн жумушунан кол жуугандыгын залда отургандарга билдирди:

- Бакиевдин колтугуна кирип алгандарга мен таңкалып атам. Мына кечээ күнү мен “Ак жол” партиясына мугалимдердин арасынан жападан жалгыз кошулбайм, эркин койгула дегеним үчүн эки кызматым бар эле, бир кызматымды алып койду, - деди Айбек Исаев.

Ушул айтылган арыздан кийин залдагы көпчүлүк студент жаштар Шавкат Тажибаевди кууп жибергенге аракет жасашты эле, башка партиялардын лидерлери арачылап калышты.

Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов мыйзам бузуу фактылары туурасында бир дагы партия жазуу түрүндө кайрылбагандыгын маалымдады:

- Уюштуруп бербей койду, илинген нерселерди алып таштады деген Ош облустук шайлоо комиссияга, бизге, же жергиликтүү комиссияларга кайрылган факты жок. Эгерде ошондой болуп кала турган болсо, буларга чара колдонулат, - дейт Амат Маматоморов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов бардык саясий уюмдарга бирдей шарттар түзүлгөндүгүн эске салды:

- Калган убактта мамлекеттик телевидениенин эфиринен кетип аткан көрсөтүүлөр, саясий партиялар УТРКнын келишиминин негизинде акы төлөө менен жүргүзүлөт, - деди Абдыжапар Бегматов.

XS
SM
MD
LG