Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:17

«АТА МЕКЕН» ПАРТИЯСЫНЫН ЖАҢЫ НООКАТТАГЫ ШТАБЫНА КОЛ САЛЫНДЫ


11-декабрда саат 16.00 ченде белгисиз бирөөлөр «Ата Мекен» партиясынын Жаңы Ноокаттагы штабына кол салып, имаратта олтурушкан үч кишини уруп, 4 жарандын паспортун тартып алып, партиянын үгүт материалдарын жүктөп качып кетишкен. Жабыр тарткандар кол салгандардын арасында милиция кызматкери болгон деп шектенишүүдө. Ал эми милиция мындай дооматты төгүндөй элек.

«Ата Мекен» партиясынын Жаңы Ноокаттагы штабынын башчысы Абдынасыр Жураевдин айтымында, 11-декабрда саат 16.00 чамасында белгисиз 3 жигит B 46 04 H номерлүү “Мерседес” машинасында келип, «Ата Мекен» партиясынын Жаңы Ноокаттагы штабына беймарал кирип, «Штабыңарды жыйыштыргыла! Мындан ары бул жерге «Ак жол» жайгашат» деп, ага кошуп үгүтчүлөр Шайыра Каримбердиеваны, студент Музафар Жалаловду уруп, үстөл үстүндө жаткан 4 паспортту, үгүт материалдарын машинасына жүктөп, «Ойлонгула! Көнбөсөңөр, үйүңөрдү өрттөйбүз!» деп кетишкен. Жураев кийин билгендерден сураштырса, анын өмүрүнө кол салгандардын бирөө милиция экен:

- Биздин офиске 3 кыргыз улутундагы бала келип, бул жер эми “Ак жол” партиясынын штабы болуш керек деп бизди жаман сөздөр менен сөгүп, урду. Мен эртеси күнү сураштырсам, булардын бири Оштогу УВДнын кызматкери деп айтышты, - деди Абдынасыр Жураев.

Жаңы Ноокатта 2000ден ашык өзбек улутундагы шайлоочулар жашайт. Алардын айтымына караганда, кечээги жигиттердин үчөө тең кыргыз экен. Ошол себептүү айыл тургуну Набижан Каримбердиев бейтааныш кыргыз жигиттер «өзбектер көчүп кеткиле!» дегенин, токмок жеген үчөө доктурга кайрылбагандыгынын себеби, аларды ал жакта да тынч жаткырышпасын, бийлик чара көрбөсө улуттар аралык мамиле таталдашаарын билдирди:

- Буларды азыр ооруканага жатпаган себеби, ал жактан да токмоктоп-уруп кетүү коркунуч бар. Оштогу, Өзгөндөгү, Жалалабаттагы өзбектерди жок кылыш керек деген жаман сөздөрдү айтты. Биз азыр да коркуп жүрөбүз. Кыргызстанда бийликте чындык болобу, - деди Набижан Каримбердиев.

Ноокат районунун акими Абдыганы Алиев улуттар аралык чыр-чатакка жүйөө жоктугун, бул демейдеги провокация экендигин белгиледи.

- Провокация болушу мүмкүн. Ал эми өзбек- кыргыздын арасына чатак салууга жол берилбейт. Буга бирөө көрсөтмө берип атайын жасады дегенге мен ишенбейм, - дейт Абдыганы Алиев.

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Равшан Сыргаев күмөндүү машина кармалгандыгын, окуя иликтенип жаткандыгын, бирок кылмыш ишин козгоого негиз жоктугун кабарлады.


- Оперативдүү топ түзүлүп, ал жерде мамлекеттик номерлүү машине көргөзүлгөн болчу, ошону тактап алып келип кечинде, азыркы маалда иликтөө иштери жүрүп жатат. Аты-жөнү такталды, өзүбүздүн эле атуулдар. Кылмыш иш козгогонго азырынча негиз боло элек. Тигилер макул болбой атат, - деди Равшан Сыргаев.

Ош облустук жана Ноокат райондук милиция башчылары Жаңы Ноокаттагы окуяга коллегасынын катыштыгы бардыгын, же жоктугун комментарийлөөдөн баш тартышты. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев гана кылмыш иши козголгондугун «Азаттыкка» билдирди.

- Бизге кайрылышты, атайын оперативдүү тергөө топ иштеп жатат. Эгерде айтылган фактылар далилденсе "хулиганство" менен иш козголуп, сот жообуна чейин барат, - деди Жеңиш Ашырбаев.

Жергиликтүү талдоочу Насирдин Жунусов бийлик кордугу жарандарды жаңы жаңжалдарга түртүп, Кыргызстандын бүгүнкү жетекчилиги Акаевдин кейпин кийиши ыктымал деп кооптонот.

- Бул бийликтин көрдүгү. Таза шайлоо болбосо булар качып кеткен Акаевден жаман болуп, бийлик кайра алмашып калышы мүмкүн. Элди өздөрү ушуга түртүп атышат. 15-16 жыл алардын саясатына каршы чыгып жүргөн биздин мамкатчыбыз Мадумаров азыр эжекеси менен колтукташып алып, алардын идеясын колдоп чыгып атат. Айыл жерлерине чейин бийликтин күч колдонуп күч структураларын жөнөтүп атканы бул эртеңки Кыргызстандагы граждандык согушка түздөн-түз алып келиши мүмкүн, - деди Насирдин Жунусов.

XS
SM
MD
LG