Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:47

ШАЙЛООДОН КИЙИН КАНДАЙ ӨКМӨТ КЕЛЕТ?


Парламенттик шайлоодон кийин көп добуш алган саясий партия өкмөттү түзөт. Өкмөт Кыргызстандын баш мыйзамына ылайык түзүлөбү же президенттин маанайына жараша чечилеби деген маселе шайлоодон кийин дароо күн тартибине чыгуучу маселелердин бири болот. Андан тышкары азыр коом арасында азыркы убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн канчасы кетип, канчасы калат деген божомол да бүйүр кызытууда.

16-декабрдагы чукул шайлоодон кийин азыр убактылуу иштеп жаткан өкмөт тарап, анын ордуна шайлоочулардын 50 пайыздан ашык добушун алган саясий партия өкмөттү түзөт. Эгер добуш бир нече партиялар ортосунда бөлүнүп калса, анда алар коалициялык өкмөттү түзүүгө мажбур болушат. Ошондо Кыргызстан эгемендик жылдарындагы 13 өкмөт башчыга ээ болот. Бирок, шайлоого чейин эле азыр коом арасында өкмөт түзүүнүн Конституцияда көрсөтүлгөн принциби сакталабы деген кооптонуу күч. Анткени, буга президенттин каалоо-маанайына жараша өз саясий миссиясын аткарган мурдагы өкмөт башчылардын тажрыйбасы менен мыйзамды көзгө илбөө башкы себеп.

Экс-премьер-министрлердин бири Амангелди Муралиевдин баамында, бул жолу өкмөт түзүүнүн механизми Конституцияда жакшы көрсөтүлгөн. Аны өкмөт түзүү укугуна ээ болгон саясий партия менен президент так аткарууга, ал эми сот бийлиги ага көзөмөл кылууга милдеттүү:

- Өкмөттү түзүү боюнча азыркы Конституциядагы механизм прогрессивдүү механизм. Бизде азыр мыйзамдар жакшы аткарылбай жатат. Бирок, Конституция баш мыйзам болгондон кийин анын аткарылышына сот бийлиги, маселен Конституциялык сот жакшы көз салышы керек. Кээ бирде президенттер мыйзамга карабай өз билгенин жасап келген. Азыркы мезгилде сапаттуу жана туруктуу өкмөт шайланышы керек жана анын иштешине мүмкүнчүлүк бериш керек,- дейт Амангелди Муралиев.

Шайлоого аттанган оппозициячыл партиялар менен айрым саясат талдоочулар бийлик өкмөт түзүү укугун өзү түзгөн “Ак жолго” толук ыйгаруу үчүн азыркы өкмөт өкүлдөрүн толук жумшап, премьер-министрдин милдетин аткаруучуну да “Ак жолдун” жарым пайыздык босогону атташы күмөн болуп турган Талас жеринен дайындап койду деп айтып чыгышты. Искендер Айдаралиев ушундан улам алгачкы иш сапарын Таласта баштап, ал жердеги акыбалды жөнгө салууга барды, дейт “Ата Мекен” партиясынын талапкери Темир Сариев:

- Бийлик эптеп-септеп “Ак жолго” добуш алып бериш үчүн көп аракеттерди жасап жатат. Ошонун ичинде Искендер Айдаралиевди биринчи сапары менен Таласка атайын жөнөтүп, “Ак жолдун” Таласта абалы начар, ошон үчүн элиңди үгүттөп кел деп жиберди. Аны биз жакшы түшүнүп эле турабыз.

Темир Сариевдин баамында, бийлик Айдаралиевдин мындай кызматы үчүн жаңы өкмөткө киргизүүгө да аракет кылат. Бирок, оппозициячыл партиялар көп добуш алса бийликтин андай оюндарына катуу каршы турат:

-Эгер “Ата Мекен” партиясы утуп келип, өкмөт түзсө, күчтүү өкмөт түзүп, баардыгы менен мыйзам чегинде гана иштейт. ,- дейт Темир Сариев.

Талас райондук кеңештин депутаты Токтогул Абдыкадыров болсо Искендер Айдаралиев Таласта үгүт иштерин жүргүзгөн жок деп маалымдап, азыркы өкмөттүн Айдаралиевдей өкүлдөрү жаңы өкмөткө да кириши зарыл дейт:

-Талас жергесине келгенде бардык жердеги эл менен жолугушууларына катыштым. Үгүт-саясат иштери эч бир жерде болгон жок. Азыр бир да партия элдин жеке оюн биле албай жатат. Азыр элдин деңгээли өстү. Ушу Искендер Айдаралиевдей кишини жаңы өкмөттө иштетпесек, анда Кыргызстандын келечеги кандай болорун билбейм.

Шайлоо боло электе эле жаңы өкмөт курамын түзүү жана ага кимдер кирери болочок өкмөттүн тушоосунун бекемдигинен да курч маселе болору кооптуу экендигин баса белгилеген экс-премьер министр Амангелди Муралиев бул маселени чечүүдө саясий партиялар чечкиндүүлүктү көрсөтүп, бир да партияда жок инсанды деле премьер-министрликке дайындаганга барышы зарыл деген ойдо:

- Партия макул десе, анда партиянын мүчөсү болбогон жаран же адистин деле премьер-министр болууга мүмкүнчүлүгү бар.

XS
SM
MD
LG