Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:08

РОССИЯ ДОВСЕнин КҮЧҮН ТОКТОТТУ


Европадагы кадимки куралдуу күчтөр жөнүндөгү келишимдин күчү Россияда бүгүнтөн тартып убактылуу токтотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Путин быйыл жайда кол койгон эле. Эгер документтин жаңыланган вариантын НАТОлук өлкөлөр ратификацияласа, Москва келишимге салынган мораторийди алганга даяр экенин билдирүүдө.

Европадагы кадимки куралдуу күчтөр жөнүндөгү келишимге 1990-жылы Парижде 22 өлкө кол койгон, 1992-жылы ноябрда ал күчүнө кирген. НАТОго жана Варшава келишимине кирген өлкөлөр аскерлер менен кадимки курал-жарактар санын континентте бир теңдем абалда кармоого макулдашкан.

1999-жылы тараптар Стамбулда келишимдин жаңы шарттарга ылайыкташтырылган вариантына кол коюшкан. Бирок ушул кезге чейин документ Белоруссияда, Украинада, Казакстанда жана Россияда гана ратификацияланды. НАТОнун өлкөлөрүндө бул иш жасала элек. Алар муну Грузиядагы жана Молдавиядагы россиялык аскер контингентине байланыштырышат.

Быйыл июнда президент Путин аталган келишимдин күчүн убактылуу токтотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.Ал бүгүнтөн тартып күчүнө кирди. Буга байланыштуу Россиянын аскер бөлүктөрү менен курал-жарактардын,техникалардын кыймыл-аракети тууралуу НАТОлуктарга маалымат берилбейт,өз ара текшерүүлөр өткөрүлбөйт,көзөмөл ишинин башка түрлөрү токтотулат. Ошол эле учурда Россия европалык коңшуларына чукул аймактарда кадимки куралдуу күчтөрүн көбөйткөнгө ниети жоктугун, атүгүл НАТОлук өлкөлөр келишимди ратификациялашса, документте каралган талаптарды аткарганга толук даяр экенин ырастоодо.

Россиянын бул кадамы НАТОлук өлкөлөрдүн, алардын ичинде АКШнын олуттуу камтамачылыгын пайда кылды. Мамлекеттик катчынын саясий иштер боюнча орунбасары Николас Бернс ноябрдын этегинде Вашингтон курал-жарактар боюнча Европадагы бул маанилүү келишимден бир да өлкө өз эркинче чыгып кете албайт деп эсептей турганын билдирген.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо Москва өз кадамына тийиштүү реакцияларды күтө турганын, алардын баары Европада курал-жарактарды кыскартуу, аларга көзөмөл кылуу чөйрөсүндө түзүлгөн абалды тартипке салышы керектигин белгилеген. Москва, атап айтканда, келишимдин Стамбулда жаңыртылган вариантын НАТОлук өлкөлөр ратификациялашын, буга кошумча документке жаңы түзөтүүлөрдү киргизилишин каалайт. Келишимдин баштапкы жана жаңыланган вариантын Москва азыркы шарттарга көп жагынан жарабай калды деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG