Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

МОСКВА-ЛОНДОН МАМИЛЕСИНДЕ ЖАҢЫ ЧЫҢАЛУУ


Орусия чет өлкөлөрдө британ маданияты менен англис тилин жайылтуу максатында иш алып барган Британ Кеңешинин Москвадан башка жерлердеги ишмердигин жаңы жылга дейре токтотуу чечимин жарыялады. Шаршембиде кабыл алынган бул чечим Лондон менен Москванын ортосунда жаңы дипломатиялык чыңалуу жаратты.

Былтыр Лондондо британ жараны, мурдагы орус тыңчысы Александр Литвиненко ууланып өлтүрүлгөндөн бери Орусия менен Британиянын мамилелери 2-дүйнөлүк согуштан берки эң начар деңгээлге түштү. Бирок бул мамилелер эми Москва Британ Кеңешинин Орусиядагы регионалдык офистерин жабуу чечимин жарыялагандан кийин мурдагыдан да начарлады. Орусиянын тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Британ кеңешинин акыркы 2 регионалдык офиси – Екатеринбург менен Санкт-Петербургдагы кеңселери тийиштүү түрдө каттоодон өтпөгөндүктөн жабылышы керектиги айтылат. Орусиядагы Британ кеңешинин башчысы Жеймс Кеннеди бул айыптоону четке какты.

- Орус бийликтери менен биз бир нече жылдан бери Британ Кеңешинин статусун далай ирет талкууладык. Бирок биз каттоосуз иш алып барып жатканыбыз тууралуу айткандары – бул жаңы шылтоо. Британ Кеңеши эки өлкөнүн өкмөттөрү 1994-жылы кол койгон макулдашуунун негизинде билим берүү, маданият, илим жаатында иш алып барат.

Негизинен англис тилин окутууга адистешкен Британ кеңешинин бөлүмдөрү буга чейин Иран менен Бирмада гана жабылган экен. Москванын чечими Лондондо ыкчам реакция жаратып, британ премьери Гордон Браун Британ Кеңешин эч нерсеге көңүл бурбай ишин уланта берүүгө үндөдү.

Жеймс Кеннеди Москванын чечими эки өлкө ортосундагы саясий мамилелерден улам кабыл алынганын айтат.

- Британ кеңеши саясий уюм эмес. Ошентсе да, албетте, Британия менен Орусиянын мамилелери биздин ишке таасир этпей койбойт. Алар салкындаган сайын биздин билим берүү, маданият жаатындагы ишмердигибиздин мааниси артат.

Шаршембиде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айткандары бул окуянын артында Литвиненконун өлүмүнүн тегерегиндеги чатактын көлөкөсү бар экенин айгинеледи. Июль айында Москва бул иш боюнча шектүү Андрей Луговойду Британияга өткөрүп берүүдөн баш тарткан, ага жооп катары Лондон 4 орус дипломатын өлкөдөн чыгарган. Орусия ага удаа 4 британ дипломатын Лондонго кайтарды.

Буг чейин Британ кеңеши Орусияда салыктарды жашырган деп айыпталып, уюм көз карандысыз, киреше таппаган коомдук мекеме экенин айтып актанып келаткан.

Москванын Британ кеңешинин регионалдык офистерин жабуу чечиминен эң ириде катардагы орусиялыктар жабыр тартат, - дейт укук коргоочу Людмила Алексеева.

- Орусиялык бай, ак сөөктөр арасында жаңы мода бар экени көпчүлүккө маалым, алар балдарын чет өлкөлөрдө окутушат. Алардын арасында Британия алдыңкы сапты ээлейт. Ал эми Британ кеңеши өкмөттөн бир тыйын сурабай, колунда жок орус жарандарын Британияда окутуу мүмкүндүгүн ачкан. Эми минтип, ал мүмкүндүк жоюлуп отурат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG