Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:46

К. БАКИЕВ «АК ЖОЛ» ПАРТИЯСЫН КАЛКЫНА МАКТАДЫ


Президент Курманбек Бакиев 13-декабрда улуттук сыналгы аркылуу түз байланышка чыгып, калкынын суроолоруна жооп берип, мамлекеттин саясий жана экономикалык турмушундагы маанилүү маселелер боюнча маалымат берди. Мамлекет башчынын сөзүндө үч күндөн кийин боло турган шайлоолорго өзгөчө басым жасалды. К. Бакиев шайлоого аттанган 12 партиянын айрымдарын атап өтүп, алардын ичинде «Ак Жол» партиясын «чыныгы элдик партия» деп баса көрсөтүп, жаш болсо да бул партиянын катарында элге белгилүү адамдар бар экенин, алар мамлекеттин бардык жүгүн көтөрүп иштегенге чечкиндүү даярдыкта турганын айтып мактап өттү. Президент ошол эле учурда тигил же бул партияга добуш бергиле деп үгүт жүргүзүүдөн алыс экенин белгилеп, жарандарды шайлоого активдүү катышууга жана иштерман партияларды тандап добуш берүүгө чакырды.

Президент Курманбек Бакиев телекөрүүчүлөр менен түз эфирде 2 саатка жакын баарлашып, келип түшкөн 3 миңден ашык суроонун бир тобуна жооп берди. Көрсөтүүнүн башында аяктап бараткан жылга баа берип, Кыргызстан туруктуу экономикалык өнүгүүгө багыт алып, келерки жылдын бюджети 37 миллиард сомду түзгөндүгүн жана өнүгүүгө курулуш аянтчасына айланган Бишкек шаары гана эмес жалпы өлкө ичиндеги курулуштар далил экендигин баса белгиледи. Акыркы эки жылда бийлик жол, энергетика, айыл чарба, пенсия, маяна, турак-жай маселесине катуу көңүл бурду жана бул тармактарга мындан ары да мамлекеттик колдоо болот деп ишендирди.

Миграция көйгөйү боюнча суроого жооп берип жатып, чет өлкөгө иш издеп кетпей, кафелерде күнүнө 200 сом алып идиш-аяк жууп же Камбарата ГЭСи, Кызыл-Кыядагы цемент заводу менен курулуштарда иштесе боло тургандыгын белгиледи.

Буга чейин бири-бири менен ымаласы келишпеген парламент менен өкмөттүн айынан чечкиндүү кадамдарга баргандыгын да эске салып, Кыргызстанга бийликти сындаган гана эмес, конструктивдүү жол көрсөткөн оппозиция зарыл деп билдирди. Бакиевдин мындай баасы буга чейин аны менен бирге иштеген Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун баамында ишеним жараткан жок:

-Бирок, ушул жакшылыктарды элибиз реалдуу сезип жатабы? Эгер сезбесе анда мындай сөздүн мааниси жоголот дагы ишенимден айрылып калышы мүмкүн. Ал эми өлкөдө болгон кемчиликтерди аткаруу бийлиги менен Жогорку Кеңештин мойнуна илип салды. Мүмкүн алардын дагы кемчиликтери болсо керек, бирок, президент өзү дагы жоопкерчиликти алыш керек. Эми президентибиз келаткан шайлоо калыс болот, турмушубуз оңолот деп бир топ убада берди. Эми ошолордун баары куру убада болуп калбаса экен!

Президент Курманбек Бакиев түз эфир маалында алдыдагы парламенттик шайлоого да бир нече ирет кайрылды.

-Эми “Ак жол” жаңыдан түзүлгөн жаш партия. Бул чыныгы элдик партия. “Ак жолдун” катарында элибиз менен өлкөгө белгилүү адамдар. Мен алардын сөзгө эмес ишке көңүлдөнүп, чечкиндүү кадамдарга даяр экендигин байкап жатам,-деп куру убада берген партияларга эмес, иштерман партияларга добуш берүүгө шайлоочуларды чакырды.

Ал эми шайлоочулардын саясий аң-сезими 3-4 жыл мурдагыдан катуу өстү деп, административдик ресурсту колдонгон аким менен губернаторлорду азыр эл укпайт, демек, шайлоо калыс болот деп ишендирди.

Президенттин мындай пикирин “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев бийликчил “Ак жол” партиясына добуш берүүгө үгүт деп баалап, мыйзам долбоору иретинде конструктивдүү сунуштарды берген оппозициянын үлүшүн президенттин эске албагандыгына кабатыр болду:

- Президент өз кызмат абалынан пайдаланып, “Ак жол” партиясына үгүт жүргүздү. Кээ бир оппозициялык партиялардан барынан жогу, бизге конструктивдүүсү гана керек деп, бир партияларга каршы иштеп, бир партияларга үгүт жүргүздү. Бул мыйзамга карама-каршы иш.

БШКнын мүчөсү Жылдыз Жолдошева Текебаевдин мындай пикирине макул эмес:

- Эгерде “ушул партияга добушуңарды бергиле” десе, бул таамай айтылган үгүт ишине кирет дейт элем. Ошон үчүн айтылган сөздөр үгүткө кирбейт. -деп билдирди.

“Ак жол” партиясынын саясий кенешинин мүчөсү Жангороз Каниметов да президент атуул катары өз пикирин билдирүүгө укуктуу жана “Ак жол” партиясынын кызыкчылыгына жан тарткан жок деп билдирди:

- Бул үгүт катары эсептелинбейт. Ал шайлагыла деп эч кандай агитация жүргүзгөн жок да!

Президент түз эфирдеги баарлашууда Бишкектин тазалыгы, жаштардын маданияты, тартиби жок айдоочулардын эреже бузуулары да катуу кабатыр кылаарын, туугандары менен бирге ырдап-бийлеп коерун жана кийинки кезде тойлорго барууга убактысы тийбей калгандыгын да жашырган жок.

XS
SM
MD
LG