Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:00

ЕВРОСОЮЗ ЛИДЕРЛЕРИ КОСОВО ПРОБЛЕМАСЫН ТАЛКУУЛООДО


Брюсселде бүгүн Евросоюздун лидерлери бир күндүк жыйынга чогулуп, айрым чалкеш маселелерди талкуулоого киришти. Күн тартибинде Косовонун проблемасы алдыңкы планга коюлду. Мындан тышкары Евросоюздун келечегине, биримдиктин кошуналык саясатына жана Иранга байланыштуу да азын оолак талкуу-таңаштар болмокчу.

Биримдикке кирген 27 өлкөнүн лидерлери жыйын соңунда атайын декларация кабыл алышат. Документтин долбоорунда Косовонун көз карандысыздыгы тууралуу эчтеме айтылбайт,бирок сүйлөшүүлөр процесси толук ойрон болгону, кырдаалды азыркыдай арасат абалда калтырганга да болбой турганы, провинциянын статусуна байланышкан проблеманын тез арада жөнгө салынышы жалпы Балкандагы баракатчылык үчүн өзгөчө маанилүү иш экени белгиленет. Текстте ошондой эле көп тайпалуу Косоводо демократиялык принциптердин, улуттук азчылыктар укуктарын, маданий жана диний мурастардын кынтыксыз жана кыйшаюусуз корголушун бекем кепилдөө маселеси проблеманы жөнгө салуунун башкы шарты катары аталган. Документ Косовонун жарыяланганы жактан көз карандысыздыгын башкаларга өнөгө боло албай турган иш катары карайт.

Деген менен Косовонун бир тараптуу жарыялана турган көз карандысыздыгын Кипр дегеле эп көрбөй жатат. Никосия косоволуктардын өрнөгүн Түркия пайдаланат,Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимисиз эле түндүк Кипрдин көз карандысыздыгын жарыялап салышы мүмкүн деп кооптонот. Кипрликтерге Греция кошулууда. Бери эле дегенде Кипр бүгүнкү жыйында да калыс калышы ыктымал.

Мындан тышкары союздун лидерлери жаңы жылдан кийин көз карандысыздыгын жарыялаганы жаткан Косового келечекте ар тараптан көмөктөшүү пландарын, аны атүгүл Евробиримдикке мүчө кылуу перспективасын карашат. Сербияга да тийиштүү сунуштар жасалат. Атап айтканда, Косовонун көз карандысыздыгына макул болсо, Белград жакынкы аралыкта эле союзга талапкер өлкө статусун алышы мүмкүн.
Буга байланыштуу кечээ британ прмеьери Гордон Браун Сербия европалык жамаатка мүчө болгусу келсе, анда Белград бийликтери биринчи кезекте косоволуктардын мыйзамдуу талабын аткарышы керектигин белгиледи.

Брюсселдеги жыйында Косоводон тышкары Евросоюздун коңшулук саясатына байланышкан айрым маселелер, атап айтканда, Жер ортолук деңизинин алабындагы өлкөлөр менен кызматташуу келечеги тууралуу да учкай сөз болот. Декларацияда ошондой эле Ирандын атомдук куралга ээ болушун Евросоюз таптакыр кабыл алгылыксыз иш деп эсептей турганы, эгер Тегеран ядролук программасынан баш тартса, жарандык атом өнөр жайын өнүктүрүү жагынан ага кеңири көмөк көрсөтүлөрү белгиленет.

XS
SM
MD
LG