Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:49

БШК: КЫРГЫЗСТАН ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО ДАЯР


Акан Иманов, Бишкек 16-декабрда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата даярдыктар көрүлүп бүттү. Бул туурасында бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо даярдыгы талкууланган республикалык жыйында маалымат берди.

Шайлоого жакшы даярдыктар көрүлгөндүгүн өкмөттүн өкүлү Муратбек Мухамбетов билдирди.

-Шайлоо күнү участаларга үзгүлтүксүз энергия берүү максатында 115 тонна трансформатор майы, бөлуштүрүү компанияларына берилди. Каржы мнистрлиги тарабынан добуш берүү участокторуна көмүр жеткирүү, электр энергиясына жана байланыш кызматтары үчүн акча бөлүндү. Транспорт жана комуникация мнистрлиги үзгүлтүксүз телефон байланышын камсыздашты. Ал эми Ички иштер мнистрлиги коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо боюнча күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Шайлоону өткөрүү үчүн 56 аймактык комиссия уюшулган. Бул комиссиялардын курамында 18 партиянын өкүлү бар.

- Аткаруу бийлигинин төбөлдөрү, акимдер, министрлер шайлоого даярбыз деп отчет беришти. Чынында эле даярдык бар, себеби жакында эле референдум өткөн, ошол эле участкалар калды. Негизинен 100% жакын шайлоого даярдык бар десем жаңылышпайм,-деди Боршайкомдун мүчөсү Жылдыз Жолдошева.

16-декабрда шайлоо 2274 добуш берүү участогунда өтөт. Анын 38и чет өлкөлөрдө орун алган. Орусияда 11 шайлоо участогу болсо, Германияда, АКШда үчтөн, ал эми Түркияда эки добуш берүү участогу бар. Негизинин 23 өлкөдө убактылуу жүрүшкөн өлкө жарандары бул шайлоодо добуш бере алышат.

Шайлоого 100 пайыз даярбыз деген сөз негизсиз, дейт “Кылым-Шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова.

- 100 пайыз дебей, 70-80 пайыз десе чындыкка жакыныраак болмок. Биз 12-декабрдан бери Боршайком менен соттошуп жатабыз. Өзүбүздүн маалымат боюнча айтсам, шайлоочулар үчүн 1 миллион нускада чыккан шайлоочулар үчүн эскертме одоно каталар менен берилген. Ал боюнча шайлоочулар кечки онго чейин добуш бере алышат. Ошол эле убакта шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө 25 миң даана эскертмелер чыгарылып, ал дагы жарандардын конституциялык укуктарына доо келтире турган катасы менен экен. Бул кичине нерсе болгону менен шайлоонун өтүшүнө терс таасирин тийгизет. Шайлоого эки күн калды, БШК баары жайында дебей каталарын оңдошу керек.

12-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы байкоочуларды каттоо ишин аяктады. Ага ылайык шайлоого 600 эл аралык байкоочу көз салышмакчы.

XS
SM
MD
LG