«АЗАТТЫК»: - Раимкул Арзымаматович, алдыда кирип келген шайлоого карата кандай кам көрүлдү?
АТТОКУРОВ: - Кыргызстандын шайлоо кодексине ылайык бүткүл Орусия боюнча он шаарда шайлоо бөлмөлөр ачылды. Шайлоо комиссиялары түзүлгөн. Ал комиссияларга элчилик менен консулдук бөлүмдөрдүн кызматкерлери, он эки партиялар өкүлдөрү жана кыргыз коомдорунун өкүлдөрү киришкен.
«АЗАТТЫК»: - Шайлоо бөлмөлөрү кайсы шаарларда уюштурулду, ошону атай кетсеңиз.
АТТОКУРОВ: - Москва шаарында, Санкт-Петербург, Самара, Новосибирск, Казан, Челябинск, Екатеринбург, Красноярск, Иркутск жана Омск шаарларында.
«АЗАТТЫК»:- Сиз атаган шаарлардын кай бирлеринде Кыргызстандын консулдугу жок эмеспи, ал шаарларда кандайча уюштуруу иштери жүрдү?
АТТОКУРОВ: - Консульство жок шаарларда элчилик менен консулдук жардамы аркасында шайлоо бөлүмдөрү ачылды.
«АЗАТТЫК»: - Алдын ала эсепке алуу болуп атабы? Кантсе да мынча киши келет турбайбы деген божомол эсеп барбы?
АТТОКУРОВ: - Алдын ала эсебин чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. Себеби биз биринчи күндөн тартып эле бардыгын (тизмеге алынгандарды - ММ) негизги эсеп катары иштеп атабыз. Азыр Орусия боюнча биздин жыйырма тогуз миңге чукул жарандарыбыз тизмеге киргизилди.
«АЗАТТЫК»: - Мырза, эл көп айткан, айрыкча орусиялыктар көп оозанган мыйзамсыз келип алгандар дегендер бар, алардын эсеби кирбей калабы? Же алар боюнча да кам көрүү барбы?
АТТОКУРОВ: - Жок, алар боюнча да кам көрүп атабыз, анын себеби Орусияда мыйзамсыз жүргөн жарандар кыйла бар. Бул жерде алардын да шайлоого катышууга укугу бар. Негизи - колунда кыргыз паспорту болушу керек, каттоодон өттү деген штампы болуш керек.
«АЗАТТЫК»: - Ошондой кыргыздар же кыргызстандыктар болсо түз эле элчиликке барышы керек экен да. Же бөлөк жерде да шайлоо бөлмөлөр барбы?
АТТОКУРОВ: - Москва шаары жана Москва облусу боюнча туруктуу бир жерде иштечү стационардык шайлоо бөлмөсү элчиликте уюшулган. Бирок кодекс боюнча Кыргызстандын жарандары кат түрүндө же оозеки кайрылуу жасашса, элчилик алар жашаган жерине же топ болуп иштеген жерине барып, алардын добуш берүүсү үчүн шарт түзүп берүүгө милдеттүү.
«АЗАТТЫК»: - Базарларда, курулуштарда же соода түйүндөрүндө иштеп жүргөндөр арасында дем алыш күн экенине карабай иштегендер бар. Орусиянын шарты ошондой да, алар кандайча болуп добуш бере алышат?
АТТОКУРОВ:- Биз биринчи күндөн баштап ири базарларда иштеп жүргөндөрдүн тизмесин түзүп чыкканбыз. Төрт чоң базарлар: Черкизовдук, Мытищи, Строгино жана Хамовники деген чоң базарларда кыргызстандык жарандар аябай көп иштейт. Ошолордун тизмелерин түзгөнбүз. Алар бизге кайрылып атышат, өздөрүнүн арыздарын кагаз түрүндө бизге берип атышат, ошондон улам 16-декабрде биз алардын суранычын аткарып, алар иштеген жерине, алар жашаган жерине барып добуш берүүсү үчүн шарт түзүп беребиз.
«АЗАТТЫК»: - Москвадан башка шаарларда да иштеп аткан жерлерине барып шайлатуу өткөрүлөбү?
АТТОКУРОВ: - Мен айткан шарт Москвада эле го. Калган шаарларда Кыргызстандын жарандары көбүнчө соода түйүндөрүндө иштейт. Ошондуктан шайлоо бөлмөлөрү ошол соода түйүндөрүндө уюшулган.
«АЗАТТЫК»: - Орусияга атуул болуп кеткен кыргыздар, албетте, шайлоого катышпайт, бирок алардан жардам болуп атабы?
АТТОКУРОВ: - Орус атуулдугун алган жарандар, эгерде алардын колунда орусиялык паспорту болсо шайлоого катышууга укугу жок. Бирок патриоттук сезим деген бар, мүмкүнчүлүктөрү бар, колунан келишинче жардам берип атышат. Маселен, тизме түзүү боюнча, машине унаа жагынан жана шайлоо өтчү күнү жарандарды бир жерге топтоп туруу боюнча жардам берип атышат. Чоң рахмат балдарга!
«АЗАТТЫК»: - Акыркы суроо мырза, шайлоо болуп аткандан кийин ага катыша турган атуулдун кайсы партиянын жактоочусу боло аларын алдын ала билген жакшыдыр. Ошондуктан алар үчүн шарт түзүлдүбү? Айталы, партиялардын программаларын окуп, билүү боюнча?
АТТОКУРОВ:- Элчиликтин максаты - шайлоонун өтүшүнө шарт түзүп берүү. Ар бир партияга карата өз көңүлүбүздү айтып олтурууга укугубуз жок. Ошол үчүн андай иш ар партиянын өзүнүн милдети. Биздеги маалымат боюнча айрым партиялар (партиялар үгүтчүлөрү – ММ) жарандар иштеген жана жашаган жерлерге барып үгүт жүргүзүштү.
Муса Мураталиев, Маскөө