Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

1:23 Таласта өкмөттүн автокербенине кол салды делген 8 адамдын төртөө толук акталды


Жекшембиге караган түнү Талас райсоту мурдагы өкмөт башчы Алмаз Атамбаевге таш ыргыткан делип айыпталып жатышкан 8 адамга чечим чыгарды. Сот Түгөлбай Кулманбетов айыпталуучу Зина Дүйшөналиевага жана Серикбаев Молдого шарттуу түрдө эки жыл берди. Ал эми Жолдосов Серик менен Майрамбек Баракеевге 3 миң сомдон айып пул салды. Калган төрт адам толук акталып чыкты. Сот жараянына күбө болгон укук коргоочу Арзыкан Момунтаеванын айтымында, элдин койгон талабын сот шайлоо алдында аткарды. Буга чейин ал сегиз адамга Кылмыш-Жаза кодексинин 233-беренеси (Массалык тартипсиздиктер), 340-берене (Укук коргоо кызматкеринин өмүрүнө кол салуу), 341-берене (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) боюнча айып коюлган эле. (AJ)

XS
SM
MD
LG