Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:38

18:47 Аламүдүн районунда эрте добуш бергендердин арасында көзү өткөн адамдар бар дешет байкоочулар


Чүй областында көп аймактарда шайлоочулардын 10 % алдын ала добуш бергендиги байкоочулардын чоң шектенүүсүн жаратты. “Ар-Намыс” партиясынын байкоочусу Саадат Самторованын айтымында, алдын ала добуш берүү бурмаланган түрдө өтүшү мүмкүн. Кашкасуу шайлоо участкасындагы байкоочу Кутманов Кандыбек эрте добуш бергендердин тизмесинде эч кандай каттоодо турбагандар, каза болуп калгандар жана чет өлкөгө көчүп кеткендер бар экенин билдирген. Москва районундагы №303 шайлоо участкасында экиден бюллетенди урнага салып жаткан шайлоочулар кармалып, ал жөнүндө акт түзүлдү. (JJ)

XS
SM
MD
LG