Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:25

БАЙКООЧУЛАР ШАЙЛООДО ТОЛТУРА МЫЙЗАМ БУЗУУЛАРГА КҮБӨ БОЛУШТУ


Парламенттик шайлоодо республиканын дээрлик бардык аймактарында административдик ресурс колдонулуп, оппозициялык саясий партияларга кысым көрсөтүлүп жатканы айтылууда. Шайлоо түйүндөрүндө байкоочуларга толук укук берилбей, жергиликтүү бийлик тарабынан кысымдар көрсөтүлүп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Ал эми расмий бийлик шайлоо мыйзамдын чегинде, талапка ылайык жүргүзүлүп жатат деп билдирүүдө.

Оппозициялык партиялардын жер-жерлердеги өкүлдөрү бийлик административдик мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгын колдонуп, мыйзамды одоно бузуп жатышканын кабарлашууда. Байкоочулар Баткен, Жалалабат, Ошто студенттерди катарга тизип алып келишип топ-тобу менен добуш берүүлөрдү кайталаганын, шайлоо комиссиялары мыйзам бузууларга көз жумду мамиле кылып жатышканын айтышууда. Ысыккөл, Чүй облусунун айрым жерлеринде шайлоону бурмалоого жол берилип жатканы тууралуу маалыматтар түшүүдө.

-Шайлоо түйүндөрүндө биздин бардык байкоочуларыбызга кысымдар, бут тосуулар болууда. Биздин толук байкоо жүргүзүү укугубузду бузуп атат. Ошол жерде биздин эле байкоочулар эмес, башка уюмдардын байкоочуларын шайлоо комиссиялары бир бурчка отургузуп коюшуп, көзөмөл кылалык деп ордунан турса, ордунан тургузбай ызы-чуу көтөрүп жатышат, -деди Динара Ошурахунова, «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын жетекчиси.

«Азаттык» үн алгысына келип түшкөн маалыматтарда бийлик бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып «Ак жол» партиясына колдоо көрсөтүп жатканы айтылат. Жетиөгүз районунундагы «Ата Мекендин» штабынын мүчөсү Курманбек Төлөгөновдун айтымында, айыл өкмөттөрү, мамлекеттик кызматкерлер шайлоо түйүнүнүн алдына туруп алышып, «Ак жолго» добуш бергиле деп үгүттөп атышыптыр:

- Райборбордо дагы мындай көрүнүштөр кайталанып жатканына өзүбүз күбө болуудабыз. Эртең менен райакимиаттын алдынан жыйырма-отузга чукул кичи автобустарды «Ак жолдун» шайлоочуларын ташыганга көрсөтмө берип жөнөтүшкөн,- дейт Курманбек Төлөгөнов.

Мындай пикирлерди бардык облустардагы байкоочулар, башка партиялардын өкүлдөрү телефон аркылуу кабарлап турушту. «Ак жол» партиясынын жооптуу катчысы Жангороз Каныметов өз кезегинде аларга коюлуп жаткан дооматтар негизсиз дейт.

«Ата Мекен», СДП партиясынын адамдары добуш алыш үчүн ар кандай ыкмаларга барып жатканы тууралуу биздин аймактардагы штабдардагы өкүлдөрүбүз акт жазышканы тууралуу маалымдашты. Биздин партия эч кандай мыйзам бузууларга жол берген жок. Тескерисинче башка партиялар бизге тукурук кылып жаман көрсөтүү амалын көрүшүүдө,- деди Жангороз Каныметов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Мырзабек Аргынбаев да шайлоо мыйзамдын чегинде талапка ылайык өтүп жатканын кабарлады.

Чүй облусунда шайлоо түйүндөрүн кыдырып жүргөн БШКнын мүчөсү Болот Малабаев шайлоонун жүрүшүндө облуста олуттуу мыйзам бузуулар жок экенин «Азаттыкка» билдирди.

Ал эми Чүй облусундагы байкоочулар шайлоодо мыйзам бузууларга бийлик көз жумуп жатканын кабарлашса, Кочкордогу «Ата мекендин» Кочкор районундагы координатору Урмат Кадыркулов акча таратуу, арак берүү фактылары да бар экенин айтты.

-Шайлоо түйүндөрүнөн баш бармакка белги салбай, үч-төрт жолу добуш бердиргени киргизген фактылар болду. Биз ошонун бардыгын каттап атабыз.Бирок биз эч кандай чара көрө албайт экенбиз, бийликтин камчы чабарлары каалаганын жасап атышат. Аларга жогору жактан катуу көрсөтмө болбосо, алар ушунчалыкка барат беле. Андан дагы арак таратуу, акча берүү болуп атат.

Оппозициялык маанайдагы бир катар саясатчылар бийликтин шайлоону бурмалоо аракети барып-келип жакшылыкка алып келбестигин, алардын шайлоочуларынын укуктары ашкере тебеленип жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG