Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

ШАЙЛОО ШАЙМА-ШАЙ ЭМЕС ДЕГЕНДЕР КӨП


Бүгүн Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Жер-жерлерде шайлоого сереп салып тураган байкоочулар добуш берүү жараяны мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып жатышат. Добуш берүүгө келген бир катар адамдар шайлоочулардын тизмесинде кемчиликтер көп экендигин кошумчалашууда. Серепчилердин баамында, добуш берүүнүн жыйынтыгы чыга элек болгону менен кайсы партия жеңе турганы башынан эле белгилүү.

Кечки саат сегизде республикадагы бардык шайлоо учаскалары жабылып, добуштарды эсептөө башталды. Бир катар байкоочулар добуш берүү жараяны мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтышууда. “Ак жол” партиясы ЕККУнун жана айрым жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын байкоочулары учаскалык комиссиялардын иштерине жөнсүз кийлигишкенин айтышса, “Ата мекен” партиясы өтө көп мыйзам бузуулар болгонун билдиришти. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова, топ-тобу менен шайлоо учаскаларын айлантып добуш бердирткен учурлар бар экендигин айтат:

- Жүздөгөн адамдар тизмеге кирбей калышкан. Топ-тобу менен алып келүүлөр, машине менен айлантып добуш бердиртүүлөр болуп атат. “Ак жол” партиясынын учаскалык комиссияга мүчө болуп кирип алып, ошол киши паспорттун көчүрмөсү менен добуш берип аткан жеринен кармалды. Көк жардан болсо эртең менен эле 381 добуш ыргытылды. Мындайлар көп.

“Ак жол” партиясынын жооптуу катчысы Жангороз Каниметовдун айтымында, шайлоо учурунда алардын партиясы бир бир дагы мыйзам бузууга жол беришкен жок. Анын ырасташынча, тескерисинче “Ата мекен”, “Асаба”, Социал-демократтар партиясы мыйзам бузууларга барып, добуш берүү учаскаларына элдерди ташыган учурлар катталган:

-Мына, Таштөбө айылында СДП партиясы машине менен элдерди ташып атат. Номурлары да бар. Актыны жазып койдук. “Ата мекен” партиясы да ташып атышат. Башка жерлерде да ушундай эле көрүнүш. Биз өзүбүз мындайга жол берген жокпуз.

“Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, шайлоодо административдик ресурс кеңири пайдаланылып, мыйзам бузууларга жол берелген жана бюллетендерди ондоп, жүздөп урнага ыргыттырган учурлар катталган:

- Өтө көп мыйзам бузуп жатышат. Оштон бир нече жерден ондоп, жүздөп урнага бюллетендерди таштагандарын кармап, актылар түзүлдү. Кочкор атада тизме боюнча акча таратып аткан Кыргыз нефть мамлекеттик компаниясынын өкүлү кармалып, камерага тартылып, акты түзүлдү. Болуп көрбөгөндөй акча таратып атышат, мамлекеттин атынан.

Ошондой эле Сокулук районундагы № 234-шайлоо учаскасынын мүчөлөрү Темир Сариевди сотко беришерин, анткени ал шайлоо учаскасына келип аларды басынтканын айтышса, Темир Сариев алардын айткандарын четке кагууда. Андан тышкары “Ата мекен” партиясынын Талас облусундагы штаб башчысы Акмат Дооронбековду милиция суракка алып жатканы белгилүү болду. Ал телефон аркылуу “Азаттыкка” чындап эле милицияга сурак бергенин, аны шаардык бейтапканада акча таратуу үчүн түзүлгөн тизмени камерага тартып алганына байланыштырууда.

Ал эми учурда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Искендер Айдаралиев болсо бийлик шайлоо иштерине кийлигишпегенин, өкмөт өз иши менен алек болуп турганын айтууда:

- Эми ар ким ар кандай айта берет. Мына мен эки жумадан бери иштеп атам, бийлик бир дагы шайлоо иштерине кийлигишпей, биз өз ишибизди аткарып атабыз.

XS
SM
MD
LG