Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

ЭСКИ КОНТИНЕНТТЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ДА ДОБУШ БЕРИШТИ


16-декабрдагы мөөнөтсүз парламенттик шайлоого ар кандай себептерден улам Европа өлкөлөрүндө жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктардын баары болбосо да, бир бөлүгү катыша алышты.

Европа аймагында Кыргызстандын элчиликтери беш гана жерде: Австрияда, Улуу Британияда, Бельгия королдугунда, Германия федеративдүү республикасында жана Швейцарияда бар.

Шайлоо кодексине ылайык, элчилик жайгашкан өлкөнүн аймагында жашаган кыргызстандык жарандардын саны аз же көп экенине карабай добуш берүү уюштурулуп жатат. Европадагы кыргыз элчиликтеринин Интернеттеги баракчаларына баш баксак, анда 16 –декабрдагы добуш берүү, шайлоого катышып жаткан партиялар тууралуу мааалыматтар күн мурунтан коюлган экен.

Европадан кыргызстандык жарандар эң көп жашаган өлкө - Германия. Бул өлкөдө кеминде 2 миңдей кыргызстандык бар экени айтылып жүрөт. Андан улам Германиядагы кыргыз элчилигиндеги участкалык шайлоо бекетинин төрагасы Айжигит Бурановдун билдиргенине караганда, бул жерде добуш берүүнү уюштуруу үчүн атайын штаб түзүлгөн. Ал эми шайлоо бекеттери Германиянын үч шаарында уюштурулду:

-Германиядагы кыргызстандыктар добуш берүүгө активдүү эле келишүүдө. Ай кайсы жерлерден, чоң –кичине шаарлардан келип жатат. Бизде 1339 шайлоочу катталган. Шайлоо кодесине ылайык, Берлин, Франкфурт жана Бонн шаарларында үч шайлоо бекетин уюштурганбыз. Орус тилинде чыгуучу беш гезитте шайлоону утурлай добуш берүү өтөөрү жөнүндө маалымат жарыялаганбыз. Германиянын расмий бийликтерине да кабарлаганбыз. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00го карата 370 – 380 адам добуш берди. Бул тизмеде турган шайлоочулардын болжол менен 25,5%.

Кыргызстандын Австрияда жайгашкан элчилиги коңшу Чехияны да тейлет. Чехия башкалаасы – Прагада жакында өлкөнүн ардактуу консулдугу ачылган эле. Добуш берүү ошол консулдуктун имаратында өтүп, ага мен өзүм да катышып күбө болдум. Элчиликтин өкүлдөрүнүн айтымында, Чехиядан консулдук каттоодо турган 100дөй кыргызстандык бар.

Чехиядагы кыргызстандыктардын бири DHL компаниясынын Прагадагы кеңсесинде иштеген Айбек Дунаев биз менен болгон маегинде өз тандоосунун Интернеттен алган маалыматтарынын негизинде жасаганын белгиледи:

-Шайлоого катышып жаткан саясий партиялар тууралуу маалыматым бар. Анткени үгүт иштери Интернет аркылуу да жүрүп жатты, соңку күндөрү алар жөнүндө көп эле жазылды.Эми тышта жүргөндөр бир нече булактан алынган маалыматтардын негизинде ой жүгүртүп, анан бир жыйынтыкка келсең болот.

Кыргызстандын Швейцариядагы элчилигинен биз консул, бул жердеги участакалык шайлоо бекетинин төрагасы Мурат Азимбакиев менен байланыштык. Ал төмөнкүлөрдү маалымдады:

-Баш аягын алганда 80ге жакын кыргызстандык каттоодо турат. Мурун эле бул жакка келгендер, окуп жаткандар бар. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:30га карата алардын 31%ы добуш берип кетишти.

Албетте, Европадагы кыргызстандыктардын добушу шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир этпейт. Кыргызстан менен Европанын ортосунда убакыттын айрымасы 5 саат. Андыктан, Европадагы кыргызстандыктар кайсы партияларга артыкчылык бергени өлкөдө шайлоо бекеттери жабылгандан кечирээк белгилүү болмокчу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG