Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:07

ШАЙЛООНУН ШАЙТАН ОЮНДАРЫ КООПТУУ АБАЛ ЖАРАТТЫБЫ?


Кечээ өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыга элек болгону менен “Ак жол” партиясынын абсолюттук жеңишке жетишкени айтылууда. “Ата мекен” партиясынын лидерлери бийлик уттурган жерлеринен чоң бурмалоолорду жасап, өлкөнү дестабилдештирүүгө түртүп жатат. Ал эми “Ак жол” партиясынын башчылары аларды калың эл колдоп бергенин, жарышта кыйла озуп чыгышканын жашырышкан жок. Серепчилердин баамында, шайлоонун шайтан оюндары өлкөдө кооптуу абал жаратып койду.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы али чыга элек болгону менен кечээ кечтен тарта чырлуу иштери четинен чыга баштады. Жарышка катышкан партиялар бири-бирин мыйзам бузууларга барышканын айтып айыптап, далилдери да бар экендигин билдиришүүдө. Ошол эле кезде “Ак жол” партиясы башкалардан кыйла алга озуп чыкканы айтылып, талаш—тартыштар да күчөй баштады. “Асаба” партиясынын лидери Азимбек Бекназаровдун айтымында, азыркы шайлоо Акаев курган системанын бекемделип атканын гана көргөздү:

- Булар ошол эле Акаевдин шайлоо саясатын, дегеле үйбүлөлүк саясатты улантып, андан да өркүндөтүп, азыр күчүндө турган кез. Ошол процесс токтогон жок. Билесиңерби? 2005-жылы март айында Бермет парламентке барып, спикер катары күпүлдөй баштаганда ыңкылап болуп калбады беле. Мына азыр ошол сыякуу эле Бакиевдин инилери БШКнын ролун аткарып атат. Ошолор кандай чечим чыгарса болду, ошону Кабиловалар окуп коёт. Болду. Азыр оппозициямын дегендердин көбү байлар болуп атпайбы. Алар эч качан катуу каршы тура албайт. Мисалы, “Ата мекен”, СДПнын ичин деле карагыла, Бабанов, Байболов же Сариевдер. Бай адамдар да булар. Алардын жогото турган нерселери көп.

Ал эми “Ак жол” партиясынын жооптуу катчысы Жангороз Каниметов шайлоо жыйынтыктарына ыраазы. Анын айтымында, шайлоодо эл “Ак жолду” жакшы колдоп беришти:

- Шайлоонун жыйынтыгын жана албетте элге ыраазыбыз. “Ак жол” партиясы эл деген, элдин келечегин ойлогон партия болуп атат. Мына түштүктөн да түшүп атат, Баткенден бизге 90 %дан, Жалалабад, Ошто да 70-80 %дан кем эмес. Түндүктө да жаман эмес. Мынакей, 55, 60, 70 %. Таласта, Ысыккөлдө, Чүйдө дагы. Ошондуктан менимче бул жаман жыйынтык эмес.

“Ата мекен” партиясынын лидерлеринин бири Темир Сариевдин пикиринде, алар көп жерлерде “Ак жолду” арка калтырышкан. “Бирок мамлекеттик машина катуу иштеп, элдин нааразылыгын жаратып атат”,- дейт экс-депутат:

- Бизге берген маалыматтарда утуп атканбыз. Көп учаскаларда “Ак жолду” дагы. Ал эми “Туран”, Коммунисттик партия дегендерге беш, жетиден эле добуштар бар. Бирок ушулардын бардыгын алып кетип, булар азыр кара жүздүүлүк кылып, абдан кара боёк менен боёйбуз, анан чыгарабыз деп атышат. Мен мунун аягы эмне менен бүтөрүн айта албайм. Биз өзүбүздүн түндүктөн алган жана бардык маалыматтарыбызды санап чыгып, расмий түрдө жарыялап, элге кайрылабыз.

Ошол эле “Ата мекен” партиясынын лидерлеринин бири Болот Шерниязовдун ырасташынча, алардын эсебине ылайык Талас облусу боюнча “Ата мекен” партиясы озуп чыкты:

- Шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалыматтарды БШК айтышы керек эле. Бирок айта албай турушат. Мынакей, Талас шаарында эки учаскада, 6 жана 9-мектеп урналарды эсептетпей басып жатышат. Талас боюнча “Ак жол” “Ата мекенден” утулду. Мына баардык маалыматтар бизге келип атат.

Ошентсе да серепчилер бийлик партиясы жеңишке жеткенин айта башташты. Ал эми расмий жыйынтыктар бүгүн жарыяланмакчы.

XS
SM
MD
LG