Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:27

БАСРА ПРОВИНЦИЯСЫНЫН КООПСУЗДУГУ ИРАК АСКЕРЛЕРИНЕ ЖҮКТӨЛДҮ


Амирбек Усманов 16- декабрь күнү британиялык күчтөр Ирактын түштүгүндөгү Басра провинциясынын коопсуздугун камсыздоону ирактык аскерлерге өткөрүп беришти. Бул окуя- Ирактан АКШ башындагы коалициялык күчтөрдү толук чыгарып кетүүдөгү бурулуш кадам саналат. Басра британдардын көзөмөлү астындагы акыркы провинция болчу. Буга чейин Музанна, Майсан жана Ди- Кар провинцияларынын коопсуздугун камсыздоо Ирак күчтөрүнө өткөн. Азыр АКШ башындагы коалициялык күчтөр Ирактын 18 провинциясынын жарымында коопсуздукту камсыздайт.

Британ аскерлеринин төрт жарым жылдан кийин Басра провинциясындагы коопсуздукту камсыздоону ирактык күчтөргө өткөрүп берүүсүн жергиликтүү элдин көбү колдоду.

- Бүгүн коопсуздукту камсыздоо Британ оторчу күчтөрүнөн Ирак аскерлерине өткөрүлгөнүнө бактылуубуз. Сүйүнүч адамдардын жүзүнөн көрүнүп турат. Оор жүктөн бошонуп, оюмду айталбай толкундап турам. Арийне, Ирак аскерлери коопсуздукту камсыздап, бийлик жана тартипти калыбына келтирет,-деди Басранын Адыл Жасим деген тургуну.

Басра аэропортунда өткөн салтанатта коопсуздукту камсыздоо жөнүндөгү меморандумга Британиянын жана Ирактын өкүлдөрү кол коюшту. Ирактын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Муафак Рубайи өз сөзүндө 16- декабрды “Ирак үчүн жеңиш жана душман үчүн жеңилүү күнү” деп атады. Британ күчтөрүнүн башчысы, генерал- майор Грахам Биннс болсо соңку айларда куралдуу кагылышуулардын азайганын белгилеп, тынчтыктын сакталышы аймактын өсүп- өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү экенин эскертти:

-Акыркы айларда зобун-зордуктардын азайганы элдин шаарга инвестиция салуусуна өбөлгө түздү. Басранын келечеги үчүн азыркы коопсуз жагдай сакталып, дагы жакшыруусу шарт.

Басрадагы салтанатка катышкан Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд мындан ары коопсузудук үчүн Ирактын саясый жетекчилиги жооп бере турганына көңүл бурду.

Ирактыктар Ирак аскерлери коопсуздук абалын жакшыртат деген ишеничте экенин Би-би-си радиосу өткөргөн сурамжылоо көрсөттү. Сурамжыланган 1 миң тургундун 85 проценти 2003-жылы Басрага британ аскерлеринин кириши- жагдайдын начарлашына түрткү болду деген оюн айткан.

Келерки жазга Ирактагы британ күчтөрүнүн саны азыркы 4, 5 миңден 2, 5 миңге чейин азайат. Алар көбүн эсе ирактык аскерлерди машыктырып, аскерий операцияларга Ирак тараптын өтүнүчү боюнча гана катышат.

XS
SM
MD
LG