Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

РОЗА ОТУНБАЕВА: МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР ТӨБӨ ЧАЧТЫ ТИК ТУРГУЗДУ


Социал-демократтар партиясынын өкүлү, мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева парламенттик шайлоодо мыйзам бузуулар абдан одоно жана ыплас түрүндө болду деп билдирди.

- Биз негизи таңкы эртең мененкиге чейин байкап отурабыз. Экинчи же үчүнчү болуп «Ата мекен» менен тең тайлашып келатабыз. Бирок мыйзам бузуулар чачты тике тургуза тургандай мааниде болуп атат. Мисалы Ош, Жалалабат облустарында абдан одоно күчкө салып административдик ресурс спецназдай эле катуу иштеди. Көп участкалардан байкоочуларды кууп чыгып, эч эсептеттирбей, өздөрү жамынып алып эсептеткен учурлар бир топ участкада болду. Биз ал шайлоону жокко чыгарабыз.

- Айрым талдоочулар шайлоодо эгер добуштарды бурмалоолор болгону белгилүү болсо өлкөдөгү коомдук саясий абалдын курчушуна алып келиши мүмкүндүгүн болжоп жатышат. Сиздин оюңузча өлкөдө мындан кийинки кырдаал кандай өнүгөт?

- Биринчи бул шайлоону аягына чыгарышыбыз керек. Мына 2 жарым жыл мурун эле эле өткөн бийлик ыплас шайлоо жаcады деп качты эле. Азыркы бийлик ушул шайлоодо өзүнүн закондуу түрдө келгенин, легитимдүүлүгүн азыр аныкташ керек, шайлоону таза өткөрүш керек. Антпесе, бул бийлик законсуз деп эсептейбиз.

-Эгер шайлоонун жыйынтыгы сиздер күткөндөй натыйжа бербесе партиянын мындан кийинки кадамдары кандай болмокчу?

- Биз биринчиден эсептейли, аягына чыгаралы. Законсуз болгон жерлерде соттошобуз. Мына Өмүрбек Бабановду кайра тизмеге киргизүүдө аягына чейин соттошобуз, киргизебиз аны сөзсүз. Биз ойлойбуз, законченемдүү түрдө көп аракет жасайбыз. Биз Кыргызстанды партиялык тизменин негизинде чыгарабыз деп кандай үмүттөндүк эле. Ошону аягына чыгарганга аракет жасайбыз. Жок болсо биз адекваттуу чараларды көрөбүз.

-Кечээ «Бином групп» деген аналитикалык топ шайлоодон кийин сурамжылоолорго таянып, «Акжол» партиясы 63 пайыздай добуш алаарын болжолдоп чыкты. Ошол эле учурда «Ак жол» партиясынан 50дөн 80 пайызга чейин добуш алганын ишенимдүү түрдө айтып жатышат. Мындай маалыматтар чындыкка коошобу?

-«Бином групптун» жалпы кабарларын кыргыз эли карандай калп дейт. Булардын беш тыйынга жарабаган ишин биз кечээтен берди көрдүк. Алсыз партияларды алдыга чыгарып атты эле. Чындык бар, турмуш өзү көрсөтүп атат, кимдердин результаттары бар экен. «Ак жол» абдан күчтүү административдик ресурстун баарын колдонушту. Ош, Жалалабатта губернаторлор же каласың, же кетесиң деген түрдө иштеп атты. Ошондой эле алар аз келгенсип Бишкектен келишип, алардын үстүндө отурушуп жанагыдай абдан одоно жыйынтыктарга алып келип атканы. Бул мыйзамды, шайлоону бузуп жасап аткан иштер. Ошондой 50-60 пайызды алса Кыргызстанда тынчтык болбойт.

-Жергиликтүү байкоочулар шайлоо бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып жатышса, айрым эл аралык байкоочулар добуш берүү мыйзам чегинде болду деп жатышат. Мындай дал келбөөчүлүктүн себеби эмнеде сиздин оюңузча?

-Биз деле айтып атабыз, Нарын, Талас жергелеринде көп учурларда биздин партия болсунбу, «Ата мекен» болсунбу биринчи орунга чыкты. Ал жерде биздин байкоочулар, биздин электорат өзүнүн добуштарын коргоп атышты. Чындан эле элдин эркине койсок биз чындыкка чыга алабыз. Ал жерге биздин деле эч нааразычылыгыбыз жок. Бирок Ош менен Жалалабат облустарында жанагыдай иштер, бул айбанчылыкка тете.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG