-Алгач шайлоонун жүрүшү тууралу айтсаңыз, “Ата мекен” партиясы бул шайлоого кандай баа берүүдө?
- Биз бүгүн бардык протоколдорду топтоп, болгон мыйзам бузуулар боюнча түзүлгөн актыларды чогулутуп, түштөн кийин атайын билдирүү жасайбыз деп турабыз. Биздин көз карашка караганда, шайлоо башында эле айтылгандай, одоно мыйзам бузуулар менен шайлоо өттү. Кээ бир учурда биздин байкоочулар жетишпей да калып атты. Бир гана Чүй, Бишкек шаарында эмес, түштүктө дагы, Ысыккөл, Нарында да одоно мыйзам болду. Кээ бир ноу-хаулар, жаңы ойлоп чыккан ыкмалар болду. Ошонун бири тизмелер болуп атат. Өмүр бою жашап келгендер тизмеде жок. 15 де эле текшерилип мени жазгыла дегендердин бары тең кирбей калган.
-Темир мырза, башкасын айтпаганда да кечээ айрым жерлерде добуштарды саноого байкоочуларды киргизбей койгон учурлар болгону кабарланууда. Буга байланыштуу кечээ кечинде Сокулук акимчилигинин алдына “Ата мекен” партиясынын 500 чакты тарапкери топтолгону айтылган. Ушундай эле окуя Тоң районунда болгону кабарланып жатат. Бул окуяга байланыштуу акыркы маалыматтар кандай болууда?
-Биз айтканбыз эң негизги мыйзам бузуулар кечинде саат алтыдан кийин сегизге чейин шайлоо участоктору жабылып, саноолор жүрө баштаганда жана протоколдор толтурула баштаганда болот деп. Ошондой көрүнүштөр абдан көп болду. Кечээ күнү Сокулук районунда бир нече шайлоо участокторуна протоколдорду бербей, ар биринин үстүнө миңге чейин адамдарды кошуп жазып жиберишкен. Ал эми Чүй районунда дагы райондук комиссия бaарын чогултуп протоколдорду жазганда кошумча добуштарды кошконго аракет кылышыптыр. Ушуга окшогон көп нерсе болду. Бишкектин ичинде шайлоочу комиссиялар качып кеткен учурлар да болду, эшиктерди жаап алып, милицияны тостуруп, бюллeтендерди алып кетишип. Абдан чоң мыйзам бузуулар болду. Эл өзү көрүп турат, кимге добуш бергенин. Акты кара деген бийликтин бүгүнкү жүзүнө баары абдан таң калып атышат. Ошон үчүн кээ бир жерлерде абдан чоң нааразычылык болду. Ошонун ичинде Тоң районундагы Бокомбаев айылында болду. Шайлоо участкалардын мүчөлөрүнүн, же комиссияларынын башчыларынын кылган жоруктары мыйзамга жатпайт. Биз алар боюнча иликтөө жүргүзүп атайын ММКлар аркылуу элге жеткиребиз.
-Сиздердин байкоого караганда шайлоого катышуу кандай болду. Дегеле “Ата мекен” партиясы канча добуш ала алды деп ойлойсуз?
-Биздин протоколдордун баары келип бүгүн санатып чыгабыз. Мен Чүй облусу боюнча 10дон баштап түнкү экиге чейин отурдум. Биз эки гана райондон, Москва жана Аламүдүн районунан уттурдук. Эмне үчүн уттурдук биз билебиз, эл ага тараза. Калган райондор боюнча “Ата мекен” партиясы алдыга чыкты. “Ак жол” партиясы дагы, көп партиялар караандабай да калган. Бирок райондук комиссиялар топтолуп атканда ошол жерде чоң жаңжал чыгып, талаш-тартыштар болуп атат. Бүгүн протоколдорду алабыз. Ал эми Нарын боюнча биз “Ак жолду” уттук. Талас боюнча протолдор бүгүн келет, так маалымат болот. Ал жакта дагы 40-41 пайыз алдык деген алдын ала маалымат келди. Ысыккөл боюнча маалыматтар чыкпай жатат, Тоң районуна болгон окуяга байланыштуу. Ал эми түштүк боюнча айталы десек, бул жакта көз көрүнө эле түштүктүн проценттерин абдан чоңойтуп туруп “Ак жолго” жазып койду. Аны биз көрүп турабыз.
-Маегиңизге ырахмат.