Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:36

ОШ: ШАЙЛООЧУЛАРДЫН АКТИВДҮҮЛҮГҮ ЖОГОРУ БОЛДУ


Алишер Токсонбаев, Талас Ош облусунда шайлоочулардын мурда болуп көрбөгөн активдүүлүгү байкалды. Бирок, мындан “Ак жолдон” башка партиялар шектенип жатышат.

БШКнын түштүк аймагы боюнча өкүлү Абдыжапар Бекматовдун 17-декабрда таңга маал билдирүүсүнө караганда, Ош облусундагы 600 миң 384 шайлоочунун 84,58 пайызы, Ош шаарындагы 129 миң 815 шайлоочунун 78,5 пайызы добуш берүүгө катышкан.

СДПКнын Ош облусундагы штабынан түндө алынган маалыматына караганда анын өкүлдөрүн жана байкоочуларын Каракулжа, Карасуу, Өзгөн райондорунда, ошондой эле Ош шаарында добуштарды эсептөөгө катыштырбай, участоктордон кубалап чыгышкан. Ал эми “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгондуктан калктын нааразычылыгы күчөп, өлкөдөгү кырдаал эми бузулат деген ойдо:

- Бул туура эмес. Бийликтин авторитети кетет дегеним, эми нааразычылык акциялары өзүнөн-өзү пайда боло баштайт. Качан бийлик тынч болот, бийликтин авторитети болгондо, адилеттүү, калыс болгондо. Бул Кыргызстандагы саясий абалды мындан ары дестабилдештирип, нааразылык акцияларын күчөтүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG