Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

ТАЛАСТА БАЙКООЧУНУ ЖЫГА ЧААП ЖАЗАЛАШТЫ


Аймактардан алынуучу жарым пайыз чектен кайсы партия өтө алат деген маселе эң көйгөйлүү болуп келген. Шайлоочуларынын саны аз болгондуктан Талас облусунда мына ушул жерден көп партиялар кулашы мүмкүн деп чочулап жатышкан. Жарым пайыздык чекти азырынча “Ата мекен”, “Ак жол”, Социал-демократтар жана “Туран” партиялары гана багындырганы айтылууда.

Айрым партиялардын өкүлдөрүнө кайрылып, маалымат алганыбызда 0,5 пайыздык чекти кенен аттап өткөн партиялардан биринчи орунда “Ак жол”, экинчи орунда “Ата мекен”, үчүнчү Социал-демократтар жана төртүнчү орунда “Туран” партиясы чыккандарын айтышты. Калган партиялар 0,5 пайызды ала алышкан жок дейт. “Ата мекен” партиясынын лидери Акмат Дооронбеков жогоруда аталган ийгиликке бир топ кыйынчылык менен жеттик деп, шайлоодогу 0,5 пайыз тууралу өзүнүн пикирин төмөнкүчө билдирди:

- Аттандаштар күчтүү партияларды ар бир региондордон кулатуу максатында гана ишке ашырабыз деген ойдо болгон.

Шайлоо аяктаган мезгилде айрым шайлоо комиссияларында шайлоо баракчаларын саноо убактысы көпкө узады. Талас шаарындагы №108 шайлоо участогунда байкоочу болуп отурган укук коргоочу Эркин Эшимбаева санак башталган мезгилде ага күч колдонулуп, ден-соолугуна залал келгенин билдирди:

- Бюллетенди кармап алсам, мени дубалга такашты, - деп доктур чакырып, алып кетип бара жаткан жеринен Эшимбаева кыскача болгон окуя тууралуу араң айтты.

Эшимбаеванын жанында отурган байкоочулардын айтымында, санак башталып урнаны ортого төккөн мезгилде шайлоо комиссиянын мүчөсү Николай Трибой дагы 500гө жакын шайлоо баракчаны столдун үстүнө таштап жибергендиктен Эшимбаева тура калып, арыз дооматын айткан мезгилде Трибой аны четке түртүп жиберген.

“Ак жол” партиясынын Талас облусу боюнча өкүлү шайлоо таза өттү деген пикирин айтып, шайлоого баа берүүдө.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын облус боюнча жетекчиси Арзыкан Момунтаева аталган шайлоодо Талас облусунда бардык шайлоочулардын жана байкоочулардын укуктары бузулганын билдирди.

Талас облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жантөш Жусупбеков облус боюнча 119300 шайлоочунун 73145 адамы шайлоого катышып 61,31 пайызды түзгөнүн айтып, партиялар кандай добуш алганы тууралу азырынча маалымат бере албастыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG