Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

17-ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Фрунзе шаардык маалымдоо каражаттары 1943-жылдын бул күндөрү Кыргызстандын Алай тоо кыркасынан уран рудасынын табылгандыгын кабарлашты. Мамлекет башчысынын 1993-жылдын 17-декабрындагы жардыгына ылайык коргоо иши боюнча Мамлекеттик комитет, Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлиги болуп өзгөртүлдү.

Фрунзе шаардык жумушчу депутаттар Кеңешинин Кыргызстандагы эң көлөмдүү бульвар борбор калаада салына тургандыгы туурасындагы кабар 1939-жылдын бул күндөрү коомчулукка малым болду. Шаардык кеңештин чечимине ылайык бульвар салынчу көчө мурдагы Атбашы, азыркы Жаш гвардия бульвары тандалып, болочок эс алуучу жайдын план-проспектиси камдала баштаган. Шаардык жашылдандыруу курулуш бирикмесине бульвар түшчү көчөгө бак дарактарды отургузуу ишин баштоо тапшырмасы берилген.

Чүй суусу аркылуу кеткен чана жолу 1938-жылдын 17-декабрында ачылды. Кыргызстан аймагында буга чейинки аба ырайынын жылуулугунан улам Чүй суусу тоңбой, кышкы транспорттук байланыштын ачылыш убактысын узарткан. Чүй өрөөнүнө кышкы суук 15-декабрда түшүп, эки күн жааган кардан кийин суу 12 сентиметрге чейин тоңгон. Чүй суусунун үстүн муз базышы, байланыш үчүн арабалардын ордуна чаналарды колдонууга мүмкүндүк ачкан.

Фрунзе шаардык маалымдоо каражаттары 1943-жылдын бул күндөрү Кыргызстандын Алай тоо кыркасынан уран рудасынын табылгандыгын кабарлашты. Шаардык гезиттердин жазганына караганда уран кенин Поршняков жетектеген геологиялык чалгындоо партиясы ачкан жана уран кени Алай тоолорундагы 1600 метр бийиктиктеги бир капчыгайда орун алган.

Кыргызстан КП (б) Фрунзе шаардык партия уюму 1947-жылдын 17-декабрында борбор калаанын соода түйүндөрүндө оруну алган жагымсыз жагдайды талкуулады. Шаардык партия уюмуунун белгилөөсүнө ылайык, борбор шаарда азык-түлүк жана өнөр жай товарларына карточканын алынып салганына карабастан, соода түйүндөрү кардарлардан карточка талап кылышкан. Соода түйүндөрүнүн мындай чайкоочулугунан улам, нан сата турган жашыруун күркөлөр пайда болуп, анын натыйжасында таңсык товарлардан кызыл кулактык жасалып жатканы, аларга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүү чаралары белгиленди.

Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевдин 1993-жылдын 17-декабрындагы жардыгына ылайык коргоо иши боюнча Мамлекеттик комитет, Кыргыз Республикасынын коргоо Министрдиги болуп өзгөртүлдү. Мамлекет башчысынын жардыгында каралгандай коргоо министрдик кызматка генерал-майор М. У. Субанов дайындалды.
XS
SM
MD
LG