Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:11

ПАРЛАМЕНТТЕ БИР ПАРТИЯНЫН МОНОПОЛИЯСЫ ОРНОШУ МҮМКҮН


Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү саат үчтөгү маалыматы боюнча «Ак жол» партиясы 48.8 % добушун алуу менен алдыда келатат. Экинчи орунда «Ата мекен» партиясы. Анын топтогон добушу 9% жакын болууда. Бирок «Атамекен» партиясы 0.5% тосмону үч региондон алалган эмес. Ал эми калган 10 партия 5% тосмодон өтө албай турат.

Алдыга чыккан «Ак жол», «Ата мекен» партияларынан сырткары Социал-демократиялык партия 4.2%, Коммунисттер 2.8%, «Туран» партиясы 2%, «Арнамыс» 1.5% алган. Ал эми калган алты партия 1% га жеткен добуш алалган эмес. «Ата мекен» партиясы жалпы республика боюнча 5% тосмону ашып өткөн менен, үч региондон 0.5% тосмону өтө алган эмес.

-«Атамекен» саясий партиясы Баткен облусунан 0.5% боюнча 13.5 миң добуш алыш керек эле,бирок алдын-ала маалыматтар боюнча 3163 добуш алган. Ош шаарынан 301, Ош облусу боюнча 3103 алган,-деп жарыя салды БШКнын мүчөсү Дамир Лисовский.

Ошону менен «Ата мекен» партиясы 0.5% тосмону үч региондон өтө алган жок. Ошондуктан азыркы учурга карай Кыргызстанда бир партиялык парламент түзүлүш алдында турат.

Саясат таануучу Валентин Богатырев партиялардын алган добушуна карата мындай пикирин билдирди:

-Менин оюмча бул көрсөткүчтөр өлкөдөгү абалды реалдуу чагылдырып турат. Анткени «Ак жол» алган 48%да Бакиевге берилген добуштар да бар. Азыркы көрсөткүчтөр боюнча бизде бир партиялуу парламент түзүлө турган болууда. Мындай абал менин тынчымды алууда. Анткени оппозиция көчөдө эмес, парламентте болушу керек . Бирок шайлоонун жыйынтыгы ушундай болуп атпайбы.

«Ак жол» партиясынын жооптуу катчысы Жангороз Каниметов бир партиялуу парламенттин терс жагдайлары бар экенин белгилеп, «Ак жол» партиясынын 0.5% тосмону өзгөртүү боюнча арызы Жогорку Сотто жакынкы күндөрү каралаарын билдирди:

-Жогорку Сот биздин арызды канааттандырса, анда (оппозиция) кирип калышы мүмкүн. Моно партиянын парламентти түзүүсүнүн экинчи жактары да бар. Парламентке оппозиция, же башка партиялар кирсе жаман болбойт эле менин оюмча.

«Ата мекен» партиясынын лидерлеринин бири Кубатбек Байболов 16-декабрдагы шайлоолор мыйзам бузуулар жана массалык фальсификациялоолор менен өткөнүн билдирип, кандай болгондо да «Ата мекен» жалпы өлкө боюнча 20% ашуун добуш алганын, ошондуктан бийлик 0.5% өзгөртүүгө мажбур болот деген пикирин айтты:

-Бизди өткөрүүгө аракет эмес, мажбур болот. Биз чынында өттүк. Эгерде фальсификация болбой, акыйкат шайлоо болсо, жок дегенде биз өткөн азыркы сандарды чыгара турган болсо, биз 20% жогору болобуз.

БШК жарыялаган көрсөткүчтөр, андагы партиялардын алган добуштары чындыкты чагылдырабы деген сурообузга Коомдук өкмөттүн башчысы Амангелди Муралиев минтип жооп берди:

-Эми жыйынтыгы ушундай болуп жатат. Бул биздин Коомдук өкмөттүн божомолуна туура келип жатат.

Президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев шайлоолор сөзсүз мыйзам бузуулар менен коштолоорун, маселе алардын масштабында экенин айтып, 16-декабрда шайлоонун жыйынтыгына таасир эте турган олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун белгиледи. Зулпуевдин маалыматы боюнча, Жогорку Сот 18-декабрда 0.5% маселесин карайт. Анда маселе оң чечилсе «Ата мекен» партиясынын парламентке келүүсүнө жол ачылат:

-Эртең Жогорку Сот ал маселени карайт. Эгерде сот аны калтырса, анда бир партиялуу парламент болуп калышы мүмкүн. Эгерде Жогорку Сот (0,5% регионалдык тосмо боюнча БШК киргизген аныктаманы) четке какса, анда «Ата мекен» өтүп кетет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG