Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

КОСОВО ПРОБЛЕМАСЫ КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНДЕ ТАЛКУУЛАНАТ


Эртең,19-декабрда Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Косово проблемасын талкуулаганы жатат. Кеңештеги талкууларга Сербиянын жана косоволук албандардын лидерлери да катышат. Эки тараптын позициясы эки башка экенин эске алганда, провинциянын тагдыры кеңеште деле чечилбей калышы ыктымал.

Коопсуздук Кеңешинин жыйынын утурлап, Россиянын тышкы иштер министрлиги атайын билдирүү таркатты жана Косовонун көз карандысыздыгы Балканда баракатчылыкка бүлүк саларын кайрадан эскертти.

Ал эми Евросоюздун атайын өкүлү, немец дипломаты Волфганг Ишингер Косовонун бир тараптуу түрдө жарыяланганы жаткан көз карандысыздыгы “туташ реакцияны” пайда кылбай тургандыгына ишенич билдирди.

Бул темага “The Washington Post” гезити да кайрылып, АКШ менен Евросоюз Косово маселесинде Россиянын ачык агрессивдүү каршылыгына кабылганын белгиледи. Басылма өзүнүн редакциялык макаласында президент Путин Косово проблемасын Россиянын Европадагы таасирин бекемдөө, Сербияны өз орбитасына тартуу, ал эми Евросоюз менен НАТОго жик салуу үчүн пайдаланууну чечти жана буга көп жагынан жетише алды деп көрсөтөт. Натыйжада Сербия Косовонун бөлүнүшүнө мурдагыдан катуу каршылык көрсөтүүгө өттү, Евросоюзда болсо Улуттар Уюмунун башын аттап Косовонун көз карандысыздыгын тааныгандан тайсалдаган өлкөлөр пайда болду.

“The Washington Post” ошол эле учурда АКШнын дипломатиялык активдүүлүгү акыры Евросоюздун көпчүлүк мүчөлөрүн провинциянын көз карандысыздыгын кабыл алганга көндүрө алганын да канааттанып белгилеген. Евросоюз Сербияга атүгүл баш тарта алгыс вариант сунуш кылды, деп белгилейт газета. Эгер Белград Косовонун эгемен статусуна макул болсо,анда Сербия ыкчам ыкмада Евросоюзга мүчө болот. Мындай шартта, газетанын айтымында, Путинге да кыйын болот. Ага баарыдан мурда Грузиядагы сепаратистчил аймактардын көз карандысыздыгын таанып, АКШ жана Евросоюз менен тирешти күчөтүү керекпи же Косовонун үлгүсүн кавказдыктарга колдонуу планынан баш тартуу кажетпи деген маселеге келип такалат, деп тыянак жасайт газета.

XS
SM
MD
LG