Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:26

ОШТО “АТА МЕКЕНЧИЛЕР” АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАШТЫ


16-декабрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы толук бурмаланды деп эсептеген «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук жана шаардык активисттери мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашты. Акыркы сааттарда аларга «Ар намыс» партиясынын өкүлдөрү да кошулушту. Мындай акцияга негиз жок деп эсептешет айрым партиялардын өкүлдөрү жана аймактык шайлоо комиссиясы.



Аймактык комиссиялардын маалыматына караганда, парламенттик шайлоого Ош облусунан 511 842 шайлоочу катышып, «Ак жолго» 63,4 пайызы, «Ата Мекенге» 1,2 пайызы, Ош шаарынан 129 710 шайлоочу катышып, «Ак жолго» 72,55 пайызы, «Ата Мекенге» 0,09 пайызы гана добуш берген. Шайлоонун жыйынтыгы бийлик партиясынын пайдасына толук бурмаланды, ошол себептүү бардык участоктордогу бюллетендерди көз карандысыз эксперттердин жана байкоочулардын көзүнчө кайра эсептеп, калыс чечим чыгарылмайынча мөөнөтсүз ачкачылыкты токтотпойбуз дейт «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук штаб башчысы Мырзабек Акматов.

- Баардык жерлерде фальсификация болду. Коркутуулар болду. Менин оюмча мындай шайлоо Акаевдин убагында өткөн эмес. Элдин укуктары тебеленип, баардыгы эле “Ак Жолго” кошуп салган. Бардык партиялардыкын.

Мырзабек Акматов 20-декабрдан кийин нааразылык акциясынын башкача түрүнө да өтүшөөрүн жашырган жок. Мындай аргасыз кадамга кошулаарын «Ар намыс» партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Анвар Артыков да билдирди.

-Жүз пайыз фальсификация болду. Биздин алган добуштарды жок кылып салды же “Ак Жолго” кошуп салды,- дейт Анвар Артыков.

Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов шайлоо мыйзамдуу өттү деп моюн бербей турат:

- Мына азыркыга чейин жыйынтыктарын дагы берип жатат. Биз азыр сурап жатабыз. Бирок, биздин облустук шайлоо комиссиясынын атына бир дагы райондон арыз, даттануулар түшкөн жок.

Ал эми "Кыргызстан демократиялык кыймылы" партиясынын түштүктөгү лидери Авазбек Абдылдаев ачкачылык менен маселе чечилбестигин маалымдады.

- Шайлоодо бир партиядан арыз түшкөн жок. Ушунчалык тынч, ушунчалык жакшы өттү, - деди Авазбек Абдылдаев.

«Ак жол» партиясынын Ош облустук төрагасы Авазбек Шамшиев алар эч кимдин добушун уурдабагандыгын айтып, бул жалган жалаа кээ бир уюмдардын ич күйдүлүгү деп кошумчалады.

- Уурдап кетти деген сөзгө мен кошула албайм. Мен башынан эле айтып жүргөм. Биздин партия башка партиялар менен эч кандай ишибиз да жок деп. Биз өзүбүздүн ишибизди алдыга жылдырып, партиябыздын ишин көрсөтүп, максималдык добуш алганга аракет кылдык,- деди Авазбек Шамшиев.

«Ата Мекен» партиясынын Ош облустук штабынан билдиришкендей, акыркы саатта Ош шаарынын эки жеринде уюмдун 80 чакты мүчөсү мөөнөтсүз ачкачылыкка катышып жатат. Мында тышкары «Ар намыс» партиясынын 15 өкүлү да бул акцияга кошулгандыгын уюмдун Оштогу лидери, экс-губернатор Анвар Артыков «Азаттыкка» маалымдады.

XS
SM
MD
LG