Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

ТОКТОГУЛ КАКЧЕКЕЕВ: ПРЕЗИДЕНТ ТЫНЧТЫКТЫ КААЛАСА ШАЙЛООНУ КАЙРА ӨТКӨРҮШҮ КЕРЕК


16-декабрда болгон шайлоодон кийин чыккан нааразылыктар күчөп баратат. Ошто оппозициялык партиялар ачкачылык акциясына чыгышты. Бишкекте шайлоонун бурмаланганына нааразы жаштар БШК алдына каршылык акциясын өткөрүштү. Шайлоого көз салган байкоочулардын бүтүмү ар кандай, көп учурда таптакыр карама-каршы да чыгууда. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев аймактарда башталган майда каршылык акциялары масштабдуу массалык нааразылыктарга чейин өсүп кетиши мүмкүндүгүн эскертүүдө.

- Көз карандысыз байкоочулар шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтышса, айрым эл аралык байкоочулар шайлоо калыс өткөнүн айтып жатышат. Сиздин баамыңызда шайлоо кандай өттү?

- Бир өңчөй жакшы өттү деп айтууга болбойт. “Ак жол” 62 пайыз добушка ээ болду десек, анда бүгүнкү күндө бир партиялык бийлик орнолуп атат. Ошол эле маалда парламентти таратаардын алдында президенттин өзүнүн сөзү болгон, биз партиялык шайлоого барышыбыздын негизги себеби бул уруучулуктан, паракорчулуктан, регионализимден, сатып алуучулуктан баш тарталы деген. Бүгүнкү уно эки тарап тең нааразы болуп атат, Анткени, “Ак жол” партиясы биз анык, чын, калыс уттук дейт дагы, экинчи тараптагылар өтпөй калып атышат. Чын-чынына келгенде, “Ата мекен” партиясын алсак, бул ДДК партиясынан Советтер Союзу оргуштап турган убагында жаралып, мунун 16 жылдык тарыхы бар. Андыктан бүткүл Кыргызстандын аймактарында алардын өзүнүн иштерин өткөрүп атканы биздин баарыбызга далил жана маалым. Биз аны көргөнбүз, бул боор тарткандык эмес. Экинчи жагынан, Социал-демократиялык партияда дагы аябай мыкты адамдар, программасы тунук жана ишке көрүнүп калган адамдар мүчө болуп иштеп атышкан. Булар да кирбей калып атышат. Ошондуктан бүгүнкү күндө ОБСЕнин өкүлдөрүнүн айтканы да туура болуп атат. Алар бул шайлоо өтө начар өттү, натыйжасы жасалмалуу түрдө болуп атат деген сөзгө чейин барышпадыбы.

-Бүгүн айрым аймактарда шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирген акциялар өтөөрү кабарланып жатат. Бул жапырт массалык нааразылыктарга айланып кетиши мүмкүнбү?

-Айланып кетиши мүмкүн. Анткени, бул өтө опурталдуу нерсе. Анткени президент Конституциянын гаранты болгондон кийин ал бир партиянын жетекчиси болбошу керек, ал бөлөк партияларга да жол ачып, кыраакылык кылып тең таразачылыкты кармаш керек болчу.

-Азыркы эсеп боюнча эгер жарым пайыздык тосмо алынбаса, анда парламентке бир гана партия келээри белгилүү болуп калды. Бул Кыргызстандын эл аралык коомчулуктагы беделине кандай таасир тийгизет?

-Эл аралык коомчулукта бул өтө одоно көрүнүш. Мына Россияны деле алып көргүлө. Ал жерде төрт партия өтүп атат. Ошого карабай эл аралык коомчулук өзүнүн нааразычылыгын билдирип атат. Бүгүнкү күндө 62 партия пайыз алган экен “Ак жол”, калган пайызы өтпөй калып атат, ага ким отурат. Ошондуктан бүгүнкү күндө президенттин эрдиги, калыстыгы керек. Бул киши айтыш керек, шайлоону кайра өткөрүп, бул натыйжа туура эмес деген сөзгө барышы керек, эгерде элдин тынчтыгын сактайм десе. Эгер антпесе анда арыздаштан арыз болуп кыйын абалга түшүп калышыбыз ыктымал.

-Сиздин баамынызда өлкөдөгү коомдук саясий кырдаал мындан ары кандай өнүгүшү мүмкүн?

- Бул бир гана максат болуп калат, өтпөй калган партиялар, басмырланган шайлоочулар биригет дагы бир ой, бир пикир, бир иш менен каршылык, оппозициялык жолго түшүшү ыктымал.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG