Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

ЖАЛАЛАБАТТА «АТА МЕКЕН» ДОБУШТАРДЫ КАЙРА САНООНУ ТАЛАП КЫЛУУДА


18-декабрда «Ата Мекен» партиясынын Жалалабат облусунун бир нече райондорунан келишкен 60тан ашык мүчөсү облустук шайлоо комиссиясынын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар парламенттик шайлоонун мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилешип, облустагы бир нече райондордогу шайлоо бекеттерин ачып, добуштарды кайра саноону өткөрүүнү талап кылышты. Облустук шайлоо комиссиясы алардын арыз-даттанууларын мыйзам бузуулар болду деп эептелген район-шаардык комиссиялардын кароосуна жөнөтө турган болду. “Ак жол” партиясынын маалымат катчысы шайлоо таза өткөндүгүн билдирди.

Облустун шаар-райондорунан келишкен «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү облустук шайлоо комиссиясынын алдында бир саатка жакын убакыт болушту. Алар парламенттик шайлоонун мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилешип, партиянын байкоочуларына туура эмес мамиле жасалгандыгын белгилешти. Партиянын тизмесинде депутаттыкка талапкер болгон Кадырбек Жакыпов нааразы болгондор облустун бир нече район-шаарларындагы шайлоо бекеттерин ачып, добуштарды кайра эсептөө талабы менен тургандыгын билдирди:

- Башка адамдардын ордуна добуш берүүлөр болду. Ошон үчүн биз облустук шайлоо комиссиясынан шайлоонун жыйынтыктарын чыгарардын алдында Жалалабат, Майлусуу, Ташкөмүр шаараларында, ошондой эле Сузак, Базаркоргон, Ноокен, Токтогул райондордогу участкалардагы шайлоо комиссияларындагы тизмелерин биздин өкүлдөрүн катышуусу менен эсептөөсүн талап кылалы деп келдик суранып.

Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымов алардын өкүлдөрүн иш бөлмөсүндө кабыл алды. Партиянын Кочкората шаарындагы облустук штабын башкарган экс-аким Советали Сеиткулов Ноокен районундагы Масы айыл өкмөтүндө өткөн шайлоого ишенбей тургандыгын айтты:

- 1700 адам бар жерлерде 95 адам келди дейт. Булардын миңден ашыгы Орусияда жүрсө кайдагы 95 пайыз катышып атат.

Партиянын атынан депутаттыкка талапкер болуп, сүйлөшүүгө катышкан 8 киши шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча кайрылуу-актыларын жана «Ак жол» партиясы үчүн белги коюлган бюллетендер менен бир студентке берилген 500 сом акчаны да шайлооком төрагасына тапшырышты. Нурмамат Ашымов Бишкекке бараткандыгына байланыштуу «Ата Мекен» партиясынын арыздарын териштирүү жагы мыйзам бузуулар болуп өткөн район-шаардык комиссиялардын кароосуна жибериле тургандыгын билдирди:

- Участкалык комиссиянын аракеттерине биринчи райондук шайлоо комиссиясы карасын деп копиянын барын резервдеп туруп, кайсы район болсо ошол комиссияга жиберет. Кайра эсептөөгө жөнү болсо кайра эсептеттиребиз. Ошолордун жоопторуна силер нааразы болсоңуздар облустук шайлооком өзүнчө чечим кабыл алабыз.

Андай мыйзам бузуулар тууралуу Борборшайлоокомго түз маалымат берүүсүн өтүнгөн депутаттыкка талапкер Исабек Алдозов акыйкат жыйынтык чыкпаса, акыркы чечимдерге барууга даяр экендигин угузду.

- Жакынкы күндөрдө ушул жерде отуруп талап кылабыз. Бир-эки адамды коркутуп койсок, анан таркап кетет деп ойлобоңуз.

Шайлоодо «Ак жол» партиясынын маалымат катчысы болуп бүгүн облбийликтеги бөлүм башчылык кызматына кайра киришкен Орозалы Карасартовдун айтымында шайлоо таза өттү.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG