Курманбек Осмонов башында турган соттук коллегия ишти кароону түштөн кийин баштап, кечки саат бешке жакын чечимин жарыялады. Чечимди Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов окуду:
-Кыргыз Республикасынын Граждандык –процессуалдык кодексинин 348 беренеси, 356 бересинин 5 бөлүгүн жетекчиликке алуу менен токтом кылды: Биринчи, райондор аралык соттун 28-ноябрдагы чечимин жана 12-декабрдагы Бишкек шаардык административдик жана экономикалык иштер боюнча сотунун аныктамасын жокко чыгарып, иш боюнча жаңы чечим кабыл алынсын. Экинчи, «Ак жол» партиясынын арызы канааттандырылсын. Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын «Шайлоо» Кодексинин 77 беренесинин 2 бөлүгүн түшүндүрүү боюнча 19-ноябрдагы токтому четке кагылып, анын жараксыздыгы белгиленсин.
Жогорку Соттун бул чечими өзгөртүлбөйт жана аны ал боюнча даттанууга болбойт.
Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун Жогорку Соттун чечимине карата мындай пикирин билдирди:
-Соттун чечими тарыхый чечим болду деп эсептеймин. Сот мындай чечимге барбайт болчу. Ага кырдаал түрткү болду. Анткени азыркы кырдаал оор. Ошондуктан бул бир четинен саясий чечим да болуп калды. Биз бир партиянын монополиясына жол бербешибиз керек. Бир эле «Ак жол» өтүп калса, ушул убакка чейин келген демократия четке кагылмак. Эми мына «Ата мекен» партиясы кирет, башка партия да кирип калышы мүмкүн. Бул чоң жеңиш деп эсептеймин.
“Ата мекен” партиясынын лидерлеринин бири Кубатбек Байболов 17-декабрда “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маекте 0.5% байланыштуу "БШКнын чечимин жокко чыгаруу бийликтин проблемасы, биз кандай болгон күндө да парлментке өткөнбүз," деп билдирген эле.