Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

РОССИЯ ИРАНГА ЯДРОЛУК ОТУН БЕРЕ БАШТАДЫ


Ядролук отун салынган контейнерлердин биринчи партиясы Бушерге жекшемби күнү келди. Иран өкмөтү аларды өткөрүп алышканын ырастады. Россия баары болуп сексен тоннага чукул отун жөнөтөт жана ал бир нече этапта жүргүзүлөт да, февралда аяктайт. Бул иш башынан аягына чейин МАГАТЭнин катаң көзөмөлүндө болот.

Ирандын вице-президенти,атом энергиясы боюнча өлкөдөгү уюмдун башчысы Голям Реза Агазаде Бушер станциясы үчүн жөнөтүлгөн отундун биринчи партиясы дүйшөмбү күнү кабыл алынганын тастыктады.

Россия баары болуп Иранга сексен тонна отун берет. Бул Бушердеги станциянын биринчи жылдагы ишине толук жетет. Россиянын тышкы иштер министрлиги таркаткан билдирүүдө айтылгандай, атом станциясына ылайыкталып байытылган урандын баары Иранда атайын жасалган жайларда сакталат жана такай МАГАТЭнин көзөмөлүндө болот. Керектелип бүткөн соң алардын баары чып-чыргасы менен Россияга кайтарылат. Орус дипломаттары ошондой эле Бушерге арналган уран башка максаттарга колдонулбай турганына ишендирип, Иран өкмөтү тил кат жазып бергенин айтышууда.

Деген менен чет элдик айрым байкоочулар орустардын атомдук станцияга ылайыкталган уранын ирандыктар андан ары байытып, курал жасап алышы ыктымал деген кооптонууларын да билдиришүүдө. Лондондук эксперттердин бири Марк Фицпатрик Иран суверендүү өлкө экенин белгилеп,андыктан бир күн болбосо бир күн орустар менен түзүлгөн келишимин бузуп, алардын уранын кайтарып бербестен, башка максаттарга пайдаланып салганга да мүмкүндүгү бар экенин эскертти.

Россия Иранга уран жөнөткөнү жатканынан АКШ бийликтери күн мурунтан малымдар болушкан. Президент Жорж Буш бул иштин буруш жагына токтолгон жок. “Россия Иранга анын жарандык атом программасына жардамдашканы байытылган уран жөнөтүп жатат. Эгер Россия буга даяр болсо, мен муну колдойм жана бул Иранга уран байытуу программасын түзүүнүн кажети жоктугун көрсөтөт”,- деп айтты Буш.

Ирандын улуттук жогорку коопсуздук кеңешинин найып-катчысы Жавад Ваиди бул пикирди жаңылыш аргумент катары баалап,четке какты. Айтмакчы, Москва да Иранга уран байытуу программасынан баш тартууну,атомдук станциялар үчүн керектүү отунду МАГАТЭнин арачылыгы менен Россиядан сатып алууну сунуш кылган.

АКШдагы маалымат каражаттары орустар Иранга ядролук отун жөнөтө баштаганын кабарлашып, Москванын бул кадамын Вашингтондун саясатына бут тосуу катары баалашты.
XS
SM
MD
LG