Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 01:13

08:40 Жаштардын «Мен ишенбейм» акциясынын 19 катышуучусу сот жообуна тартылаары күтүлүүдө


Аларга Бишкек шаар кеңешинин митинг, пикеттерди, жөө жүрүштөрдү иретке келтирүү жөнүндөгү Шаардык кеңештин чечимине баш ийген жок деген кине коюлууда. Кечээ жаштардын «Эркин муун», «Келкел», «Жебе» уюмдарынын өкүлдөрү, студенттер парламенттик чукул шайлоонун жүрүшүнө жана тыянактарына нааразылык билдирип, БШК имаратынын алдына пикетке чыгышкан. Жаштар пикетке Конституциянын чегинде чыкканын айтышууда. Алардын ишин Биринчи май райондук соту административдик негизде эртең караганы жатат. (BuS)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG