Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:24

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: МЫЙЗАМСЫЗ, УУРУ ШАЙЛОО БОЛДУ


Жекшембидеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгына айрым аймактарда нааразылыктар билдирилүүдө. Белгилүү болгондой кечээ Ош, Жалалабат шаарларында “Ата мекен” партиясынын тарапкерлери ачкачылык жарыялашса, Ысыккөлдүн Тоң районунда жол тосуулар болду. Шайлоодон кийинки кырдаал боюнча “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.

- Алгач нааразылык акцияларына байланышкан жагдай боюнча айтсаңыз, соңку маалыматтар кандай болууда?

- Шайлоо мыйзам бузуу жолу менен болуп өттү. Партиядан байкоочулар кээ бир участоктордогу мыйзам бузууларды каттаган, актыларды түзгөн. Тилекке каршы жергиликтүү шайлоо комиссиялары аны албастан качып жүрүшөт. БШК бизге арыз түшкөн жок дейт, жүздөгөн арыздар түшкөн. Кээ бир шайлоо участоктордо ачык фальсификация болгондуктан, ошол жерлерди кайра эсептеп чыгалы деген партиянын байкоочуларынын сунушу эки күндөн бери аткарылбай келүүдө. Кечээ биздин партиянын бүткүл республика боюнча өкүлдөрү райондук, шаардык комиссиялардын мүчөлөрүн таба алышкан жок. Бүгүн эми айт деп дагы табылбайт. Бирок шайлоонун айтка эч кандай тиешеси жок. Мына ошентип мыйзамда көргөзүлгөн үчүнчү сутка өтүп жатат. Ошондуктан тарапкерлер, байкоочулар өз нааразычылыгын билдирип жатышат. Мыйзам боюнча эсептөө бүтөөрү менен байкоочулардын колуна эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча протокол берилиш керек. Республиканын жарымынан көп жеринде протокол берилбестен биздин байкоочулар түртүп чыгарылган. Бул мыйзамсыз, ууру шайлоо болду дегендин далили болуп эсептелет. Анткени протокол байкоочулардын колунда болбогондон кийин, үч күндүн ичинде ал протоколдор кайрадан түзүлүп, арыдан жасалып аткан болушу мүмкүн. Анткени “Ак жол” партиясынын добушу акыркы эле жарым күндө 300 миң добушка көбөйүп кетти.

- Кечээ “Ата мекен” партиясы бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганы айтылды. Партиянын мындан аркы аракеттери кандай болот?

- Бул мыйзам адилетсиз, эркин эмес, мыйзамды бузуу жолу менен өттү деп эсептейбиз, бул шайлоону таза шайлоо деп эч эсептебейбиз. Биз азыр жер-жерледе болгон мыйзам бузуулар боюнча протоколдорду, актыларды жыйнап анализ жүргүзүп жатабыз, аны жергиликтүү шайлоо участкалык комиссияларга берип, мыйзамда көргөзүлгөн аракеттерди жасаганга аракет кылып жатабыз. Тилекке каршы, бийлик аларга көңүл бурбай качып жүрөт. Биз мындан кийин мыйзам чегинде иш аракеттерди жасайбыз.

- Жогорку Cот кечээ жарым пайыздык чекти алып салуу тууралу “Ак жол” партиясынын арызын канаттандырган соң, сиздердин партиянын парламентке келүүсүнө жол ачылды. Бул чечимди сиздер кандай кабылдадыңыздар?

- Бул чечим башынан эле тигил, же бул партияларга бут тосуу боюнча
жасалма чечим болгон. Ошондуктан карап туруп шайлоонун жүрүшүндө, добуш эсептөө бүтө элек кезде шайлоо эрежелеринин өзгөрүшүнө алып келди. Мындай оюн, мындай эреже чыдабастык эреже деп эсептелет. Бул башынан эле БШК тарабынан кабыл алынган саясий жасалма мүнөздөгү чечим болгон.

- Сиздин баамынызда өлкөдөгү коомдук саясий кырдаал мындан ары кандай өнүгөт?

- Шайлоонун жыйынтыгы кандай болбосун бир факт бар. Бүгүнкү бийлик өзүнүн авторитетин, кадыр-баркын кетирди. Бүгүнкү бийликтин жападан жалгыз аргументи болгон 2005-жылкы Акаевдин убагындагы шайлоо абдан жаман болгон, “Алга Кыргызстан” партиясына бүт мамлекет иштеген деген. Андан башка бул бийликтин аргументи болгон эмес. Мына ошол аргументин да жоготту. Бүткүл мамлекеттик машина “Ата мекенге” каршы катуу иштеди. Муну ар бир шайлоочу билет. Анткени мамлекеттик кызматкерлер, мамлекеттик институттар, ММКлар, телевидение башка партияларды жамандап, бир партияны колдогонуна бардык эл күбө болуп отурду. Ошондуктан, мен ойлойм бул шайлоонун жыйынтыгы бүгүнкү бийликтин кадыр-баркын биротоло кетирди.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG