Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов “Азаттык” аркылуу мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктады.
- Урматтуу мусулмандар. Биринчиден барыңыздарды бүгүнкү Курман айт майрамы менен куттуктайм. Кудай таала ишиңиздерге ийгилик, жакшылык берсин. Мына бир сааттан кийин айт намазды окууга аракет кылып атабыз. Аллах таала бардык кыргыз элине Курман айттын урматына жакшылык, тынчтык берсин.
- Айт намаздан кийин бул күнгө карата кандай иш чаралар өтөт?
- Курмандык жандык союп, курмандык чалыш керек. Бул ар бир адамдын милдети, айрыкча колунда бар бай деп эсептелген инсандарга бул милдеттүү түрдө болот.
- Рахмат майрамыңыздар менен.