Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

ЖЫПАР ЖЕКШЕЕВ: “АТА МЕКЕНДИ” ЧЕТТЕТИП КОЮУ - ОТ МЕНЕН ОЙНОГОНДУК


КДК партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев 16-декабрда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча шектүү чечимдерди чыгарып жатат деп эсептейт.

- Сиздин баамыңызда шайлоо кандай өттү?

- Шайлоо биз күткөндөй эле өттү. Мисалы, биз КДК партиясы шайлоого катышпайбыз деп баш тартканбыз. Себеби бул шайлоодо басып өткөн жолдорубуздун баары сабак болушу керек эле. Көпчүлүк партиялар өзүнө туура тыянак чыгарбай, 5 мүнөттө шайлоонун астында партия түзө коюшуп, шайлоого катышып утуп алабыз, мандатка жетебиз деп далбастап бекеринен-бекер убара болушту. Убакыт өзү көрсөтүп атат. Шайлоодо, албетте, сырткы кебете-кешпири эч бир шек санабагандай түрдө өткөнү менен, анын ар кандай технологиялары Кыргызстанда укмуштай өздөштүрүлгөн. Бул жагынан биз абдан астыга кеткенбиз өзүбүздүн коңшу мамлекеттерге караганда. Алардыкы ачык эле авторитардык режимдин диктовкасы менен өтүп аткан болсо, бизде демократиялык анча-мынча өңү-түсү бар. Чындыгында ичинде административдик ресурсту абдан көп пайдаланышат дайым шайлоодо.

- Азыр эле белгилүү болгондой БШКнын соңку болжолдуу тыянагына караганда жарым пайыздык чектен “Ак жол”, Социал-демократтар жана Кыргызстан коммунисттери партиялары гана өтүптүр. Буга чейин экинчи орунда келаткан “Ата мекен” партиясы тууралу азырынча сөз жок. Ушул маалымат боюнча кандай пикирдесиз?

- “Ак жол” партиясынын өтөрүнөн эч кандай шек санабайм. Мен азыр айтып кеткен себептер менен ал өтүш керек болчу. Бирок коммунисттер жана социал-демократтар партиялары боюнча биринчи берилген маалыматтарына такыр шайкеш келбей турат. Мисалы, “Ата мекен” партиясы сөз жок абдан көп добушка ээ болду деп мен ишенем. 0,5 пайыз боюнча Жогорку Сот туура эмес деп БШКнын чечимин четке каккандан кийин, “Ак жол” партиясынан кийин, албетте, “Ата мекен” партиясы болуш керек болчу. Бул жерде Коммунисттик партияны форма үчүн гана өткөрүп коюп атышат. Бул өтө шектүү чечим.

-“Ата мекен” партиясынын тарапкерлери кечээ өлкөнүн айрым аймактарында шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирген акцияларды башташты. Бул жапырт массалык нааразылыктарга айланып кетиши мүмкүңбү?

- Толук мүмкүн. Себеби мен турган көп кабаттуу үйдө дагы аябай көп тургундардын бaары эки күндөн бери айтып атышат “Ата мекен” партиясын шайлаганын. Пикир алышкан жерден деле “Ата мекен” партияны шайлагандар өтө көп кездешип атат. Негизи оппозициялык маанайдагы партиялардын чындыгында эң көрүнүктүү орунду ээлеп турганы “Ата мекен” партиясы болчу. Биз муну мойнубузга алышыбыз керек. “Ата мекен” партиясын чететтип коюу бул жерде өтө ишенбестикти туудурат. Тилекке каршы биз стабилдүүлүктү, тынчтыкты, туруктуулукту камсыз кылбастан, от менен ойногондой жаман белгилер пайда болуп атат.

- Сиздин баамыңазда өлкөдөгү коомдук саясий кырдаал мындан ары кандай өнүгүшү мүмкүн?

- Эгерде биздин саясатчыларыбыз чоң кызматка илешип, далбастап барып, ал жерден уят болуп кайра кетип, же болбосо саясий партиялар, жөн эле акчага ишенип, реклама болсо эле өтүп кетебиз деп көп инсандарыбыз, саясатка аралашымыш болуп аракет кылгандыктан жаңы түзүлгөн партиялар үчүн дагы бул сабак болбосо, анда биз кайра уламдан-улам бир эле тырмоокту басып алып тагдырыбызга таарынбай таяк жеп жүрө беришибиз керек. Мен ойлойм, азыр бир гана сабак болуш керек. Кыргызстанда саясий партиялардын, мисалы либералдык идея болобу, консервативдик болобу, коммунисттик болобу, демократиялык болобу, булардын баары биздин кичинекей бир ууч элибизди көп топторго бөлүп салып, биз эксперименталдык мейкиндикте жашап аткандай ой туудурат.

Менин оюмча, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн сактап калуу, элдин биримдигин сактап калуу үчүн жаңы ой, жаңы түшүнүк, жаңы аракет керек азыр. Эгерде ошону биз түшүнө албасак, анда мамлекеттик кызыкчылыгын, биримдигин келечекти туура баамдап, туура иш жүргүзбөсөк, анда биз бөлүнүп-жарылып ушинтип шылдың болуп жүрө беребиз.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG