Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын бүгүн жөнөткөн алдын ала маалыматына караганда, жалпы республика боюнча шайлоо участкаларынын 99 пайызынын жыйынтыгы чыгарылган. Ага ылайык «Ак жол» партиясы шайлоочулардын 50 пайызга чукулун, Ата Мекен 8,29, Кыргызстан коммунисттери 5,12, СДП 5,05 пайыз добуштарына ээ болушкан.
БШКнын төрайымы Клара Кабилова болсо муну менен шайлоонун толук жыйынтыгы чыгарылды деп айтууга болбостугун «Азаттыкка» билдирди.
-Азыр жумушчу топ шайлоо комиссияларынын протоколдорун текшерип, чогултуп иштеп атышат. Алар бардыгын эсептеп чыккандан кийин жыйынтыгын тактап айтып беребиз. Биз азыр оштуктарды күтүп атабыз. Кечээ алар аба ырайына байланыштуу учак менен уча албай, автоунаа менен чыгышты.
Кабилованын айтымында, парламентке кайсы партиялар өткөндүгү тууралуу шайлоо комиссияларынын жалпы жыйынтыгы чыгарылгандан кийин маалым болот.
Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун «Ата Мекен» партиясын тизмеден чыгаруу маселесин БШК карабай эле, аны шайлоодон четтетүүгө жогорку мамлекеттик кызматтагы чиновниктер кызыкдар болуп жатканын айтты.
-БШКнын бүгүнкү маалыматына караганда «Ак жолдон» башка жарым пайыздык чек босогосунун эки партия өтүп атат. Алар СДП менен Кыргызстан коммунисттер партиясы. Бул колдобой турган нерсе, анткени Социал-демократтар партиясы 5 пайызга жетпей турган. Үч күндөн бери ал партияны 4,25 болду деп жарыялап турушкан. Коммунисттер партиясы болсо 2 пайыздан араң эле ашып турган. Анан эле бир миң добушту булар кайдан ала коюшту. Бу да болсо элдин шектенүүсүн, нааразылыгын жаратат. Ал эми БШКнын эле маалыматы боюнча шайлоодо он пайызга чукул добуш алган, жанагы эки партиядан алдыга оозуп чыккан «Ата Мекен» партиясы Ош шаарынан 0,5 пайыз боюнча чекке ылайык өтпөйт имиш. Эми бул туура эмес, бул элдин кыжырын келтирген чекке жеткирип жатат.Мамлекеттик чиновниктер президенттин ар намысына, аброюна өтө чоң шек келтирет. Элдин шайлоого деген ишениминин баркын кетирип атат. Ошон үчүн мен үлкөн чиновниктерге эскертип чыктым, «буга жол бербеш керек, элдин шайлоого болгон укугун тебелебеш керек» деп.
Турсунбек Акун ошондой эле шайлоонун жыйынтыгын туура эмес чыгаруу менен мамкызматтагылардын өздөрү элди бөлүп-жарууга жол чаап жатканын белгиледи.
“Ата Мекендин” лидерлеринин бири Кубатбек Байболов азыр шайлоо жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы чечпей, мыйзамды сыйлабаган бир ууч жогорку кызматтагылар чечип жатканына нааразы болду.
-Чынында бул шайлоо болбой калды. Шайлоонун документтери четте эле калды. Менин оюмча Борбордук шайлоо комиссиясы жана анын мүчөлөрү дагы четте калышты. Азыр башка адамдар, башка мекеменин “ сен кое тур, мен жанчам” деген төбөлдөрү өз билгениндей чийип атат, -деди Кубатбек Байболов.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жылдыз Жолдошева болсо Оштон шайлоо комиссиясынын протоколу келсе, түнү менен болсо да карап чыгып, жыйынтыгын чыгарышарын айтты. БШКнын айрым мүчөлөрү аймактардагы шайлоо комиссияларынын протоколдору менен жумушчу топ алигиче тааныштыра электигин, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы тууралуу да кененирек маалымат ала албай жатышканын билдиришти.