Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

ҮЧ МИҢ ДОБУШ ҮЧ ЖҮЗ ДОБУШКА КАНТИП АЙЛАНЫП КАЛДЫ?


Борбордук шайлоо комиссиясы алдын ала деп тараткан маалыматтарга караганда Жогорку Кеңешке “Ак жол”, Кыргызстан Коммунисттери жана Социал-демократтар партиясы гана өтө турган болду. Байкоочулардын эсеби боюнча шайлоодо көп добуш алган оппозициялык “Ата Мекен” партиясын БШК жана бийлик Ош шаарынан 0,5 пайыздык чекти багындыра алган эмес деген маалымат таратууда. Ал эми “Ата Мекен” партиясы шайлоонун жыйынтыктары одоно бузулганын билдирди. Талдоочулар оппозициялык негизги партияны өткөрбөй коюп, бийлик мыйзамды одоно бузуп жатат дешүүдө.

17-декабрда кечки саат бештен өткөндө «Шайлоо» мамлекеттик автоматташтырылган системасынын расмий маалыматына караганда 96 пайыздан ашуун протколдор иштелип чыгып, Ош шаарынан «Ата Мекен» 810 добуш алды деп маалымдашкан. Андан көп өтпөй БШК «Ата Макен» партиясы Ош шаарынан 310 эле добуш алды деп жазып чыгышты. Аталган партиянын лидерлеринин бири Темир Сариев Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматы менен иш аракеттери эки анжы чыгып атканын, Ош шаарынан 0,5 пайыздык чектин босогосунан “Ата Мекенди” өтө алган жок деген БШКнын дооматы негизсиз экенин билдирди.

-Ош шаарынын 82 шайлоо түйүндөрүнүн кырк жети шайлоо түйүнүнөн шайлоонун жыйынтыгы тууралуу колубузда протоколдору бар. Андан биз 2208 добуш алганбыз. Бул дагы бийликтин биздин добуштарды жок кылуу аракетинен кийинки нерсе. Булардын баары биздин колдо турат. Экинчиси, «Таза шайлоо» уюму менен «Ар намыс» партиясынын байкоочуларынын протоколунун жарымын алдык. «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун байкоочуларынын протоколдорун да алганыбызда жалпы эсеп боюнча үч миңден ашуун добуш болду.Мына ушул добуштарды БШК 300 добуш деп «бет тырмаарлык» кылып атышат. Бул абдан чоң мыйзам бузуу деп эсептейбиз.

Темир Сариев белгилегендей бийлик оппозициялык «Ата Мекен» партиясын күч менен парламентке жолотпоо аракетин көрүүдө.

Айрым талдоочулар парламентке мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоо бийлик тарабынан мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтышса, айрым саясатчылар парламентке бир партиялуулук, же бийликти жактаган партиялар келсе өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болот деген ойлорун айтышууда.

Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун болсо оппозициялык «Ата мекен» партиясын парламентке өткөрүүнү каалабаган президенттин айланасындагы чиновниктерге ачуу чындыкты айтып чыкканын жашырган жок.

-Коммунисттер менен Социал-демократтар силерге күч эмес. Алар силер менен сүйлөшүп, кошомат кылгандыгы үчүн өткөрүп жатасыңар. А чыныгы саясий оппозициялык күч боло турган «Ата Мекен» партиясы менен сүйлөшкүңөр келбегени өтө чоң жаңылыштыгыңар, бул жакшылыкка алып барбайт. Бул барып келип бир жаңжалга алып барат, деп эскертип чыктым,-деди Турсунбек Акун

Укук коргоочу БШК чыгарган акыркы жыйынтыгы боюнча маалыматта Кыргызстан Коммунисттер партиясы эки пайыздан тез эле беш пайызга аша чаап кеткенин, СДПнын беш пайыздан ашык добушка будамайланып жетишин акылга сыйбаган жорук катары баалады.

Президент Курманбек Бакиев дүйшөмбү күнү КМШ өлкөлөрүнүн байкоочуларын кабыл алып, Кыргызстанда партиялык тизме менен шайлоо ийгиликтүү ишке ашканын билдирген.

Ал эми айрым саясий партиялардын лидерлери шайлоодогу мыйзам бузуулар, бурмалоолор боюнча БШКны сотко беришерин айтышууда. «Ар намыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиевдин пикиринде азыркы парламентке бийлик өзү каалаган адамдарын, партияларын алып келип, «кыңк» дедирбей башкаргысы келет. Бирок мунун арты жакшылык менен бүтпөйт.

Айрым бир маалыматтарга караганда парламентке «Ак жол», Кыргызстан Коммунисттери, СДП партиялары өткөндүгү боюнча бүгүн мандат берилиши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG