Бул тууралуу партиянын лидерлеринин бири Өмүрбек Абдырахманов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, БШК жарыялаган шайлоонун расмий жыйынтыгына шайлоочулар кескин нааразы болууда. Андан сырткары партиянын тарапкерлери жер-жерлердеги райондук администрациялардын алдына чогулуп, БШК га ишеним көрсөтпөө жана кайра шайлоолорду өткөрүү талаптарын коюшат. (AiT)
16:34 «Атамекен» партиясы 21-декабрда Бишкектеги Максим Горький паркында тарапкерлери менен жолугушат