Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:49

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ КУРАЛЫП БҮТТҮ


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилова бүгүн Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын угузду. Кабилова шайлоо мыйзамдын чегинде, эл аралык нормалардын негизинде өткөрүлгөнүн билдирди. Андан соң депутаттык мандаттар тапшырылды. "Ата Мекен" жана "Асаба" партиялары шайлоо бурмаланганын айтышып, массалык каршылык акцияларына чыгып башташты.

БШКнын чечимине ылайык, Жогорку Кеңештен бийликтин «Ак Жол" партиясы 71, СДП 11, Кыргызстан коммунисттери 8 орун алды. Шайлоо мыйзамдын чегинде, эл аралык нормалардын негизинде, ачык-айкын өткөнүн БШКнын төрайымы жарыялады.

Шайлоо ачык, айкын, бардык демократиялык нормалардын алкагында өттү. Шайлоонун жүрүшүнө жыйырма миңден ашуун байкоочу, алардын ичинен алты жүзгө жакын эл аралык байкоочу көз салып турду.

Кабилова ошондой эле 12 саясий партия шайлоодо татыктуу ат салышканын баса белгилеп, эми жеңилдик, жеңдик дебей эл үчүн адилет кызмат кылууга чакырды.

Андан соң БШКнын мүчөсү Дамир Лисовский жаңыдан шайланган депутаттардын тизмесин окуп, Клара Кабилова биринчи мандатты мурдагы мамкатчы, «Ак жол» партиясынан депутаттыкка келген Адахан Мадумаровго тапшырды. СДП партиясынан Бакыт Бешимов, Кыргызстан Коммунисттер партиясынан Искак Масалиев да өз партияларынан биринчилерден болуп мандат алышты. Коммунист депутат Бейшебек Акунов депутаттардын аксакалы катары мандат алган кесиптештерин куттуктап, эл үчүн кызмат кылууга үндөдү.

Мурдагы депутат Дооронбек Садырбаев болсо парламент жалаң бийликтин камчысын чаба турган депутаттар менен толукталды деген ойдо.

-Курманбек Бакиевдин ойлогон оюна, Чолпон Баекованын түзгөн сценарийине азыркы шайланган депутаттарды баптап койду. Эми көрөбүз нары жагы эмне болорун, -деди Садырбаев.

Мурдагы мамкатчы Адахан Мадумаров шайлоо мыйзамдын чегинде өткөнүн белгилеп, шайлоо боюнча талаш-тартыш маселеси буга чейин эле болуп келгенин, адам баласы жашап жатканда шайлоо талашы бүтпөстүгүн белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев болсо БШК парламенттик шайлоону өткөрүүдө өз милдетин толук кандуу аткара албаганын, мыйзам бузууларга жол берилгенин «Азаттыктын» кабарчысына билдирди.

-Негизги мыйзам бузуулар, шайлоо комиссиясынын түзүлгөндүгү, мөөнөтүнөн мурда күбөлүк менен добуш бергендиги. Бул мурда Шайлоо кодексинде каралбай калган. Бирок тилекке каршы добуш берилген. Шайлоо бүллетендери боюнча, жыйынтык чыгаруу боюнча мүчүлүштүктөр бар. Арыз кароолор боюнча мүчүлүштүктөр бар. Анткени бир жарым ай бою арыздарды кароо боюнча бир дагы отурум өткөн жок. Демек БШК эч кандай чечим кабыл алган жок, -деди Акылбек Сариев.

Бүгүн мандат алган депутаттар эртең Жогорку Кеңеште биринчи сессиясын ачат, парламентке кирбей калган «Ата Мекен» партиясы нааразылык акциясын баштайт.

XS
SM
MD
LG