«Ата Мекен» партиясынын аймактык бөлүмүнөн маалымдашкандай, Ош облустук жана шаардык 80 чакты активисти белгисиз мөөнөткө жарыялаган ачкачылык акциясын дале улантышууда. Аларга 19-декабрда Карасуу районунан 30 чакты жаран кошулган.
«Ата Мекен» партиясынын Карасуу райондук штабынын башчысы Төлөгөн Келдибаев аларга кечээ-бүгүн белгисиз кишилер телефон чалып, а түгүл кенсеге келип «Тарагыла! Болбосо, көчүрөбүз!» дегенге дейре барышкандыгын «Азаттыкка» маалымдады. Ошол себептүү партиялаштарынын коопсуздугун ойлоп 25 чактысын үйлөрүнө таратып, Тынчтык айылындагы 5 мүчөсүн гана калтырышкан. Антсе да, парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгондугун, аны далилдеп беришээрин кошумчалады.
- Карасуу районунда 83 пайыз шайлоого катышты дейт, ал жакта 23 пайыздын тегерегинде гана шайлоого катышты. Бир эле 503-участогунда болгонумда бюллетендер 90 пайызы саат 11ге чейин гана болгон. Жарым сааттан ашык турдум, бир да шайлоочу келип өткөнүн көргөнүм жок, - деди Төлөгөн Келдибаев.
Шайлоо жыйынтыгы толук бурмалангандыгын «Интербилим» бейөкмөт уюмунун Оштогу борборунун менеджери Гүлгаакы Мамасалиева да бышыктады.
- Жыйынтыкты чыгарып жатканда фальсификация болгону, болбогону бизге белгисиз, бирок ошол шайлоо күнү процесстин өзүндө фальсификация болуп жатты, бюллетендерди таштоо болду, - дейт Гүлгаакы Мамасалиева.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жана түштүктөгү өкүлү Абдыжапар Бегматов шайлоо процессинин жүрүшүндө жана андан кийин партиялардан бир дагы даттануу түшпөгөндүгүн маалымдады.
- Шайлоочулардын активдүүлүгү жогору. Башка шайлоолорго караганда мурдагыдай эшикте аңдып турган терс көрүнүштөр жок. Административдик ресурсту колдонуу жөнүндө сөз болгон жок. Бул жакшы көрүнүш, - деди Абдыжапар Бегматов.
«Ата Мекен» партиясынын борбордук штабынан алынган акыркы маалыматка караганда, ачкачылык кармоого уюмдун Каракулжа районундагы жана Карасуу районунун Шарк кыштагындагы тарапкерлери да кошулушту. Бүгүн, 21-декабрда, Ош облусунун жана шаарынын бардык-булун-бурчунда нааразылык акциясы өткөрүлөөрү белгиленүүдө.