Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

КАЙРАДАН КАЛЫҢ ЭЛ КӨЧӨГӨ ЧЫГАБЫ?


Өлкөдөгү акыркы окуялар коомчулуктун кеңири катмарынын тынчын алууда. Ушул сыяктуу көз караштарын айтып жатышкан саясат талдоочулардын баамында, окуя ушул өңүттө улана берсе өлкөнү кайрадан массалык толкундоолор капташы мүмкүн. Ал арада бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы түзүмү өз ишин баштай турган болсо, “Ата мекен” партиясынын лидерлери Бишкек шаарындагы Горький паркында тарапкерлери менен жолугушуп, бүтүндөй республика боюнча нааразычылык иш чараларын башташмакчы.

Бир катар серепчилер шайлоонун кандай өткөндүгү Кыргызстандын эл аралык абройуна шек келтирди дешүүдө. Шайлоодон кийин ага сереп салып турган эл аралык байкоочулардын арасынан КМШ аймагынан келгендери гана анын акыйкат өткөнүн айтып чыгышкан. Ал эми Кыргызстандын ичинде болсо шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор жаңы парламенттин келиши менен каршылык иш-чараларын башташты. Шайлоодо жарым пайыздык чектен өтө алган жок деген жүйө менен жарыштан жыдытылган “Ата мекен” партиясы бул иш-чаралардын башында турмакчы. Ошентсе да жаңы парламентте мандат алууга жетишкен бир катар саясатчылар бир эле партиянын жактоочулары өлкөдө саясий кризис жаратат дегенге анча ишенбей турушат. Социал-демократтардан парламентке келген саясатчы Бакыт Бешимов мындай дейт:

- Эми жалпысынан алганда бир партия элди көтөрүп чыга алабы көрө жатарбыз. Бирок бир эле партия элди ошончолук козгоп, саясий кризиске алып барат деп азырынча мен айта албайм.

Ошондой эле серепчилер жаңы парламент ак үйдүн кабагын-кашын карап иш кыларын, керектүү чечимдер ак үйдүн көрсөтмөсү менен өтүп, керексизи эленерин айтып жатышат. Ошентсе да Бакыт Бешимов, азчылыкты түзгөн депутаттардын долбоорлорун деле “Ак жолдун” депутаттары колдоп берерине ишенет:

- Биз кайсы маселе болсо да парламентте принципиалдуу түрдө коёбуз. Ошол “Ак жол” партиясынын ичинде деле көпчүлүк болгондо да кээ бир адамдар акылы менен ойлонот да. Бул маселе канчалык өлкөгө пайдалуу деп. Биз буга ишенебиз.

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, ушуну менен эл тынчып калбайт жана массалык толкундоолор чыгышы толук ыктымал. “Бийлик бул жерден жаңылып алды”,- дейт саясат талдоочу:

- Шашылыш түрдө мандаттарын тапшырып, шашылыш түрдө парламенттин ишин баштап атканынан эле көрүнүп тура. Булар ишти баштап кетсек эле бардыгы тынчып калат деп атышат. Бул туура эмес. БШКнын, бийликтин ишинин бардыгы элге маалым болуп, элде нааразычылык жаратып жатат. Мындай жолго барбаш керек эле.

“Ата мекен” партиясынын лидерлеринин бири Темир Сариевдин айтымында, азыр парламентке президент түзгөн “Ак жолдон” башка бийлик менен соодалашкан гана партиялар келди. “Биз күрөшүбүздү эч качан токтотпойбуз”,- дейт экс-депутат:

- Референдум аркылуу жаңы конституция кабыл алынганда эле биз айтканбыз. Бакиев авторитардык мамлекет куруп атат деп. СДП деле чоң соодалашуу менен парламентке келди. Алар эми соодалашып көнүп калгандар. Бизде цифралардын бардыгы турат. Биз өз позициябызда так, айкын, аягына чейин турабыз, күрөшүбүздү уланта беребиз.

XS
SM
MD
LG