Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

ШЕНГЕН АЙМАГЫНЫН КЕҢЕЙҮҮСҮ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ЭМНЕГЕ КӨҢҮЛ БУРУУСУ КЕРЕК


Бүгүн 21-декабрдан тартып Европада ички чек аралар жоюлду. Башкача айтканда, Шенген аймагы дагы тогуз өлкөгө кеңейди. Жыйырма төрт өлкөнү камтыган бир визалуу система Европада жашаган же ага каттаган кыргызстандыктар үчүн пайдалуу экени талашсыз. Бирок көңүл буруучу айрым жагдайлар да жок эмес.

Ошентип, 21-декабрдан тарта Еврошаркетке кирген өлкөнүн биринин паспорту же үчүнчү өлкөнүн жараны шенген визасы менен бүткүл Европаны түштүк – батыштагы Португалиядан, түндүк-чыгыштагы Эстонияны көздөй тоскоолдуксуз кесип өтүүгө болот. Оболу өткөөл бекеттер жердеги жана деңиздеги чек араларда жоюлууда, ал эми аэропорттордогу чек ара көзөмөлдөрү март айынын соңунан тарта алынып салынат.

Шенген аймагынын эми саны 24гө жеткен өлкөлөрү ичинен Кыргызстанда Германиянын гана элчилиги бар. Калган өлкөлөрдүн Кыргызстанды тейлеген элчиликтери коңшу мамлекеттерде же Орусияда жайгашкан. Италия, Швеция, Чехия сындуу айрым өлкөлөрдүн ардактуу консулдары болгону менен алар виза берүү менен алектенбейт. Андыктан, кыргызстандыктар шенген визасын алуу үчүн көбүнесе Бишкектеги Германия элчилигине кайрылары белгилүү. Кыргызстандын Берлиндеги консулу Айжигит Буранов Шенген аймагы кеңейгенден кийин Европа келүүнү көздөгөн кыргызстандыктар эмнеге көңүл буруусу керектиги тууралуу бизге буларды айтты:

- Кыргызстандык жарандар үчүн бул эмнени билдирет? Эми шенген визасы менен биздин жарандар бул аймактын баарына кирет алат. Өзгөрбөгөн бойдон калып жаткан нерсе - шенген визасы алганы менен кыргызстандык жаран оболу чакырган тарапка барышы керек. Маселен, италиялык мекеме- уюмдар чакырган болсо, ал адам адегенде Италияга барып, андан соң калган өлкөлөргө саякаттап, кайра эле Италия аркылуу Бишкекке чыгып кетиши керек. Бул - биздин жарандар үчүн эң негизги шарт.

Ага катар Кыргызстандын Берлиндеги консулу Айжигит Буранов кыргызстандыктарды Шенген аймагына каттоодо мыйзамды сактоого чакырды. Себеби виза эрежесин бир өлкөдө бузсаң, экинчисине баруу мүмкүн эмес:

-Еврошаркеттин мыйзамдарын сактоо өтө зарыл. Кайсыл бир жаран тарабынан жасалган укук бузуулар жалпы информациялык түйүнгө киргизилет жана аны баардык өлкөлөр колдоно алат. Шенген өлкөлөрүнүн бири тарабынан берилген виза тууралуу маалымат башка өлкөлөрдө да болот. Бул легалдуу эмес миграция болбошу үчүн багытталган.

Алдыда айтылгандай, Кыргызстанда Шенген аймагына кирген өлкөлөрдөн азырынча Германиянын гана элчилиги бар. Германияга коңшу Чехиянын элчилиги Алматыда эле, жакында Астанага көчүрүп кетти. Чехия сындуу Кыргызстанда элчилиги жок өңдүү өлкөлөргө келип үчүн шенген визасын Германия элчилигинен алуу мүмкүнбү? Чехиянын ички иштер министрлигинин Шенген өлкөлөрү менен кызматташтыкты координациялаган бөлүмүнүн башчысы Юрий Челиковски ( Jiri Celikovsky) "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына буларды айтты:

-Чехия же башка бир өлкө экинчи бир өлкө мен ал үчүн виза берүүсүн макулдаша алат. Бирок Чехия республикасы азырынча бул чөйрөдө чечим кабыл ала элек. Шенген аймагына толук кирүүнүн башталышында биз виза берүүнүн абалын, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтеп көрөбүз жана ошонун негизинде калган өлкөлөр менен кандай кызматташттык жүргүзө аларыбыз жөнүндө чечим кабыл алабыз.

Шенген аймагына Еврошаркетке кирбеген Норвегия, Исландия сыяктуу өлкөлөр да кошулат. Шаркеттин жаңы мүчөлөрү: Румыния менен Болгарияга жаңы эреже азырынча жайылтылбайт. Уюмга 2004-жылы кошулган Кипр да азырынча Шенгенге аймагына кирбей турууну чечти. Ал эми Британия менен Ирландия ага кошулуудан мурдаттан эле карманып келүүдө. Шенген аймагына ошондой Европанын башка айрым өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстан алакасы тыгызыраак Швейцария да кирбейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG