Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

ПРЕЗИДЕНТ БУШ: СОГУШ – ИДЕОЛОГИЯЛЫК СОГУШТУН ЭЛЕМЕНТИ


20- декабрда Жорж Буш жарым саат бою журналисттердин Орусия президенти Владимир Путинге, Ооганстандагы жана Ирактагы кырдаалга байланыштуу жана башка суроолоруна жооп берди. АКШ президентинин айтымында, согуш –бул идеологиялар ортосундагы согуштун бир бөлүгү саналат. Бул президент Жорж Буштун 2007- жылдагы акыркы пресс-конференциясы болду.

Жорж Буш “чу” дегенде эле “Тайм” журналынын президент Путинди “2007- жылдын адамы” деп тандоосуна байланыштуу суроого жооп берди. Ал Путиндин саясатты ырааттуу жүргүзгөн лидер экенин белгилеп, “негизги маселе-Орусия 10 жылдан кийин кандай өлкө болорунда” деди:

-Мен, албетте, Орусия (мамлекеттик бийлик бутактарын) таразалап- теңдеп туруунун, эркин жана адилет шайлоо өткөрүүнүн, прессанын активдүү иштөөсүнүн зарылдыгын түшүнөт, ошондой эле, алар (орусиялык жетекчилик) адам укугун жана ар-намысын сактоону камсыздаган батыш дөөлөттөрү өлкөнү жакшы жакка алып барарын түшүнүшөт деген үмүттөмүн.

Кабарчыларды Ирактагы жана Ооганстандагы согуш темасы да кызыктырды. Буш Ирактагы кырдаалга токтолуп, Нуринин өкмөтү БААС партиясынын мурдакы мүчөлөрүн кызматка тартууну, борбордук өкмөт менен жергиликтүү бийлик ортосунда бийлик вазийпасын бөлүштүрүүнү, мунай боюнча мыйзамдарды тездетүүсү зарыл экенин айтты:

-Жер-жерлерде ынтымак орноодо. Көпчүлүк учурда жергиликтүү саясатчылар улуттук деңгээлдеги саясатчыларды алга сүрөйт. Багдаддагы кырдаал бизди канааттандырабы? Жок. Бирок, эч нерсе болбоду деш болуп жаткан иштерди тануу болор эле.

АКШ лидери Ооганстандагы коопсуздуктун жакшыруусу элдин турмушунун оңолуусуна шарт түзгөнүн, бирок коалициялык күчтөрдөгү “үйгө кетели» деген маанай тынчын алганын жашырбады:

-Мени өтө тынчсыздандырганы - адамдар:”Жетет, Ооганстанда чарчадык. Ошон үчүн кетели деп ойлойбуз”, деп айтышы мүмкүн. Бул мени өтө тынчсыздантат. Биздин максатыбыз: адамдардын көздөгөн ишин бүткөрүүсүнө жардамдашуу жана ал үчүн убакыт керек экенине аларды ишендирүү. Ооганстандагы демократиялык эксперимент жемиш берүүсү үчүн убакыт керек.

Буштун сөзүнчө, азыркы согуш - бул идеологиялык согуштун бир элементи. Буга Кошмо Штаттардын союздаштарын ишендирүү Ак үй администрациясы үчүн жакынкы жылдардагы өтө маанилүү милдет.
XS
SM
MD
LG