Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

КАПКАН КИМГЕ КОЮЛДУ?


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары Кыргызстандагы болуп өткөн шайлоого өз баасын берип чыкты. “Заман Кыргызстан” гезити баш макаласын “Жалгыз партиялуу парламенттүү боло жаздадык” деп атаса, “Агым” гезитинин кожоюну, “Ак жол” партиясы менен депутат болгон Бегалы Наргозуев өз гезитине берген интервьюсун “Улуу журтту уюткан биримдик” деп атады. Ушул эле гезитке укук коргоочу Турсунбек Акун “Саясый абал эми курчуйт” десе, экс-спикер, академик Абдыганы Эркебаев “Президент “Ата Мекендин” лидери менен сүйлөшүүсү зарыл” деп айтты. “Жаңы ордо” гезити “Ак жол” партиясы жеңип чыкты. Ак жол каалайбыз!” деп мурдагы мамкатчы А.Мадумаровду сүрөтү менен басып куттуктаса, “Жаңы кылым” гезити шайлоо тууралуу “Кайран кыргыз бийлиги мыйзамга жаба сийдиби?” деген макала жарыялады. “Новый Кыргызстан” гезити “Ошентип бийлик менен партиялык босстор тыкыр даярданган мүдөөлөрүнө жетти, бүгүн парламентке келүү проблема болбой эле мына ушул парламент мындан ары сакталып калабы же жокпу ушул проблемага айланды” деп жазды.

“Аалам” гезити баш темасын “Шайлоочулардын укуктары зөөкүрлүк менен тепселди” деп атап, шайлоого макул болбогондордун толкуну Тоң, Сокулук, Жалалабат, Ошту каптаганын, учурда Кочкор, Нарын, Ат-Башы эли көтөрүлүүгө даяр турат деген кабарлар келип жатканын кабарлап, кыргыз бийлиги буга чейин кайра-кайра жанын жеп, “Кыргызстанга келген эмес” деп элдин башына жаңгак чагып келген Березовскийдин бул өлкөгө келип-кеткенин аз күн мурда Орусия “Интерполунун” начальниги Тимур Лахонин журналисттерге берген басма сөз жыйынында шардана кылганын, Орусиядан качып кетип издөөдө жүргөн олигарх Борис Березовскийдин 2006-жылы Кыргызстанга келип кеткени чын деп билдирүү таратып, кыргыз бийлигинин калпын чыгарганын, азыр Батыш өлкөлөрүнүн биринде жашап жаткан Б.Бнын дагы бир ысымы Платон Еленин экенин маалымдады.

“Агым” гезитине берген интервьюсунда укук коргоочу Т.Акун, жаңжалды жаратканы калышканын, элдин тынчтыгы үчүн Медет Садыркуловго кирип үч-төрт жолу айтканын, экс-министр А.Жекшенкулов, БШК чечими так болбогонун, элдин көбү нааразы экенин, бийликке мындай жол абийир алып келбестигин, чукул арада саясый күчтөр компромисске келүү жолун таппаса эртең кыйын кырдаал түзүлөрүн айтса, “Жашылдар” партиясынын лидери Э.Булекбаев, “чапкан сайын эле көз чыга бербесин”, эми оппозиция жандуу, күчтүү болорун айтат. Бишкек шаар Кеңешинин депутаты Абдыгул Чотбаев, 2005-жылдагы шайлоо да мыйзам бузуулар менен өткөнүн, бирок болуп өткөн шайлоо мыйзамды мындай кой, карапайым түшүнүккө сыйбастыгын, саясат иликтөөчү М.Сариев, эми аймак-аймактагы, айрыкча Ош менен Ысык-Көл облусундагы нааразылык акциялары күжүлдөп күчүнө кирет, азык-түлүк менен коммуналдык төлөмдөрдүн кымбатташы, шайлоо жыйынтыгына болгон нааразылыкка кошул-ташыл болуп коомду козгойт, кыргыздар үчүн акыйкаттан өткөн чоң нерсе жок, аны бийлик аңдабай туруп тепсеп салды. Бул региондордон тутана турган отко тамызгы болот. Кыргызстан Россия да, Казакстан да эмес. Ошондуктан ал өлкөлөрдү шаблон катары тутууга болбойт. Бакиевдин саясый технологдору кимдер экенин билбейм, бирок алар от менен сабатсыз ойноп жатат деп айтты. “Эркиндик” партиясынын төрагасы Т.Тургуналиев, мунун арты жакшылык менен бүтпөйт десе, Оштун мурдагы губернатору Н.Касиев Кыргызстандын көзкарандысыздыгынын 17 жылы ичинде мындай бетпак шайлоо өткөнү эсинде жогун, Нарын облусунда шайлоо админстративдик ресурстун ачык басымында адилетсиз өткөнүн айтып ойлорун билдиришкен. Гезит булардан тышкары Бишкек мэри Данияр Үсөнов менен депутат Адахан Мадумаров жең ичинен масилет курушуп, жаңы депутаттарды өздөрүнө бурууга, спикер, фракция жетекчилерин өз кишилеринен шайлоону пландап алышканы МЧСке (Медет Садыркуловго) жетип, президенттин администрация жетекчиси кекенип жатканын, К.Бакиев “Агым” гезитин саясый туура багыт алды деп мактаганын, ЖК спикерлигине эне тилин тыңдап билбеген Элмира Ибраимова “тапталып”жатканын, кечээ парламенттин эң аксакал депутат Бейшебек Акунов сүйлөйм деп трибунага жулунуп, кесиптеши Алишер Сабировдон катуу кагуу жегенин, депутаттар машина талашып кырылып киргенин маалымдады. Учурдагы саясый абалга баа берген саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев шайлоо саясаты туюкка кептелгенин, президенттин айланасындагылар ал адамдын башын айлантып ушул жолго салганын, аялдар батальонун түзүп, мекемелерди басып алгандык демократиябы, көчөдөгү сойкулардын базары ачылып, ээн-эркин денесин соодалап калганы демократиябы, же бийликтин көзүнүн агы менен тең айланган соттору бар өлкө демократиябы, 16 жылдан бери 16 мамлекеттик кызматчы, депутаттардын өлтүрүлгөнү, алардын биринин да беттери ачылбаганы демократиябы, башкасын койдум, акыркы эле Эдил Байсаловдун өз өлкөсүнөн куулуп чыкканы демократиябы деп жаны сыздап, АКШда бир бомж үйүнүн өрттөлүп кеткендиги үчүн Нью-Йорк штатынын мэриясын сотко берип миллион доллар утуп алганын, демократия деп ушуну айтаарын, демократия деген-кайраттуулук, чынчылдык, теңдик деген болорун айтты.

“Новый Кыргызстан“ гезити өлкөдөгү курчуп бараткан абалды жумшартуу үчүн жаңыдан түзүлө турган өкмөткө оппозиция өкүлдөрү келиши мүмкүнбү деген суроо менен экс-мамкатчы, депутат А.Мадумаровго кайрылганда ал, келатканын жуманын башында алардын фракциясы өлкөнүн премьер-министрин жана өкмөттүн структурасын сунуш кыларын, ал эми жаңы өкмөткө оппозиция өкүлдөрү кирер-кирбесин аныктоо президенттин жеке өзүнүн иши экенин айтып жооп берген. А.Мадумаровдун айтымында жаңы өкмөт жаңы жылга чейин түзүлөт.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG