Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

ДЕПУТАТТАР АК ИШТЕЙБИЗ ДЕП АНТ БЕРИШТИ


Бүгүн Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын депутаттары өз ишин баштап, эл алдында ант беришти. Ошентсе да депутаттардын сунушу боюнча төрага жана анын орун басарларын шайлоо сыяктуу күн тартибине коюлган бир катар маселелер дүйшөмбүгө жылдырылды. Ал эми серепчилер болсо, “Ак жол” партиясынан келген депутат, мурдагы мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровду төрага болот деп болжоп жатышат.

Толук партиялык тизме менен келген парламенттин жаңы түзүмү ант берүү аземинен кийин өз ишине киришип, бирок депутаттардын сунушу менен күн тартибине коюлган маселелерди кароо дүйшөмбүгө жылдырылды. Андан кийин фракциялар төраганы жана анын орун басарларын шайлоону, комитеттерди бекитүү, анын төрагалары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө башташты. Социал-демократтар партиясынан келген депутат Бакыт Бешимовдун мындай деген сунуш кылды:

- Бул жерде копчүлүк депутаттар жакшы отурукташа элек. Ушул сыяктуу маселелерди чечип туруп, дүйшөмбү күнү баштасак туура болот эле.

Бүгүнкү жыйынды алып барган Коммунисттер партиясынан келген депутат Бейшебек Акунов сунуштарды эске алуу менен фракцияларды өз-ара кеңештерди баштоого чакырды:

- Анда дүйшөмбүгө чейин тыныгуу жарыялап, партиялар күн тартибине коюлган маселелер тууралуу талкууну баштай берсеңер.

Эми беш күндүн ичинде парламентте көпчүлүктү алган партия өкмөт башчысын сунушташы керек. “Ак жол” партиясынын лидерлери өкмөт башчылыкка кимди көрсөтүү керектиги боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, азырынча ким премьер-министр болорун айтуу эртелик кыларын айтып жатышат. Кыргызстандын коммунисттик партиясынын лидери Исхак Масалиев бул тууралуу мындай дейт:

- Өкмөт башчыны жыйында бекитүү деген нерсе жок азыр. Көпчүлүктү алган партия өзү сунуш кылат. Кааласа үйлөрүнө барып сунуш кылышат, аны өздөрү чечет. Биз ага катышпайбыз, бизден сураса сурайт, сурабаса жок. Эмне кылабыз анан.

Серепчилердин баамында, парламенттин төрагасы болуп дүйшөмбү күнү Адахан Мадумаров болушу шайланышы мүмкүн. А.Мадумаров өзү, бул маселе фракциянын өз ара пикир-алышуусунан соң айкын болорун айтууда. Анын пикири боюнча, бул парламент мурдагы чакырылыштын депутаттарынан сапаттуу иштейт:

- Менимче бул парламент тарап кеткен парламентке караганда бир топ сапаттуу иштейт. Келечеги кең болот буюрса.

Ошентсе да айрым саясатчылар парламентте көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” партиясы көп акча коротуп койгонун, кийинки жылы экономикада өсүш болбой турганын айтып жатышат. “Асаба” партиясынын төрагасы, мурдагы депутат Азимбек Бекназаров мындай дейт:

- “Ак жол” абдан көп акча коротуп койду. Эми бюджет жакын арада толбойт, убада кылынган нерселер аткарылбайт. 2008-жылы эч нерсе болбойт. Ошол эле маалда эмки жылы инфляция көтөрүлөт, кымбатчылык болот.

XS
SM
MD
LG