Митинг башталганынан жарым саат узабай милиция кызматкерлери М.Горький паркына келген митингичилерди четинен колтуктап барып автобуска салып жатышты. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү Асхат Султаналиев органдардын мындай иш аракетин толук мыйзамдуу деп ишендирди:
- Биз токтомдун негизинде иш алып баруудабыз. Эгерде жарандар кандайдыр бир акция уюштурам десе ал жазуу түрүндө райондук администрацияга билдирүү жолдош керек жана андан уруксаат алууга тийиш деп токтомдо ачык айкын жазылган. Ал эми бул жерге чыккандар расмий билдирүү жасаган да эмес, аларга эч ким уруксаат да берген эмес. Ал эми нааразылык билдиргендердин алынып кеткенине өзүм жооп берем. -
Шайлоо бурмалоо менен өттү деп нааразы болгон он төрт айым ачкачылык жарыялап шаар борборундагы көп кабат үйдүн биринде отурушкан эле. Бирок акцияга чыккандарды милиция кармап кетип жаткандыктан, алар отурган жеринен паркка келип бийлик тарапка бир топ сын пикирин билдиришти.
-Милиция элди алып кетип атканын угуп келдик. Бул демонстрация деле эмес эле. Булар эмнеден коркуп жатышат. Биз бул жерге курал алып келген жокпуз да. Биз мамлекетибиздин жараныбыз. Мындай иш аракеттер менен биз кайрадан Акаевдин дооруна кайтып баратат окшойбуз.
Ошол эле маалда нааразылык иш чарасы өтүп жаткан жерге парламенттин "Ата Мекен" партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев келип, шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда «Ата Мекендин» добушу уурдалып, партия парламентке кирбей калганын билдирди. «Кыргызстанда диктатура, авторитаризмдин орношуна жол бербейбиз»,-деген Текебаев күрөштө бирге болууга тарапкерлерин чакырды.
- Биздин, элдин келечеги дагы алдыда. Биз мындай зордук-зомбулукка жол бербейбиз. Мыйзам мүмкүндүк берген бардык ыкмалар менен, формалар менен күрөшөбүз. Бул сөздөр жөн айтылган сөздөр эмес. Эгер эл бизди колдоп бере турган болсо биз сиздердин ишеничиңиздерди текке кетирбейбиз. -
Анын аралыгында АКШнын мамдепартаменти Кыргызстанда өткөн шайлоодо административдик ресурс колдонулгандыгына, шайлоочулардын саны жасалма түрдө көбөйтүлгөндүгүнө, оппозициялык партияларга тоскоолдук болгонуна тынчсыздануусун билдирди.
Эдил Сапарбек уулу Бишкек