Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ КОСОВО БОЮНЧА ТАЛКУУНУ НАТЫЙЖАСЫЗ АЯКТАДЫ


Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин Косово боюнча быйылкы жылдагы акыркы отуруму макулдашуусуз аяктады. Сербия премьер- министри менен Косово президенттинин жыйындагы сөздөрүнө караганда, тараптардын туруму келишкис бойдон калууда.

Косово президенти Фатмир Сейдиу Коопсуздук кеңешиндеги сөзүндө анын мекендештери үчүн жалгыз гана жол – көз карандысыздык экенин белгиледи. Косово президентинин айтымында, тараптардын туруму түп тамырынан бери келишкис бойдон калууда.

Ал эми Сербиянын премьер- министри Воислав Коштуница Косово көз карандысыздыгын бир тараптуу жарыялоосун алдын алуу үчүн Белград аскерий ыкмадан башка жолдун баарын колдонууга даяр экенин билдирди. Ал белгилегендей, Еврошаркет менен АКШ Косовонун жарыясын колдогон шартта да эч айрыма болбойт:

-Эгер бир нерсе мыйзамсыз болсо, ал бир өлкө тарабынан жасалабы же бир нече өлкө менен координацияланабы, мыйзамсыз бойдон калат. Демек, бул жерде Косовонун көз карандысыздыгы бир тараптуу түрдө жарыяланабы же координацияланып жарыяланабы - айрымасы жок. Сербия кандай чечим болбосун, Улуттар уюмунун уставы боюнча карайт. Сербия бул иште БУУнун уставын бузуп жаткан башка өлкөлөргө салыштырмалуу анын коргоочусу болчудай.

Сербия премьер- министри ошондой эле Косовонун маселеси Коопсуздук кеңешинин алкагында гана чечилүүсү керектигин, аны буйтап өтүү аракеттеринин баары эл аралык мыйзамды бузгандык экенин кошумчалады.

Бирок Британиянын Улуттар уюмундагы элчиси Джон Сауэрстин айтымында, Копсуздук кеңешиндеги туңгуюк Косовонун болочок статусун анын алкагында чечүү мүмкүн эместигин көргөздү. Ал белгилегендей, соңку эки жылдагы жигердүү аракеттер эки ортодогу жараканы жакындата албады:

-Убакыт келди. Улуу Британиянын көз карашында, биз азыр Косовонун статусун чечүү үчүн зарыл чараларды көрүшүбүз керек. Биз муну Коопсуздук кеңеши аркылуу жасоого артыкчылык бермекпиз, бирок биз Коопсуздук кеңешинин 1244 - резолюциясы жыйынтыктоочу чечимди көздөй алдыга жылуу үчүн зарыл чечимдерди кабыл алууга толук укуктук база түзөт деген ишенимдебиз.

Британиянын БУУдагы элчиси, ошондой эле Еврошаркеттин атайын өкүлү Марти Ахтисаарини планы, Косового көзөмөл алдындагы көз карандысыздык берүү жөнүндөгү сунушу алдыга жылуунун эң жакшы жолу экенин кошумчалады. Ахтисааринин планы алдыга жылууга бекем пайдубал түзүп жатканын Косово президенти Фатмир Сейдиу да айтып өттү.

Ал эми Косово маселесинде Сербияга колдоо көргөзүп келе жаткан Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин Коопсуздук кеңешиндеги соңку талкууларга оптимисттик маанайын билдирди. Кеңеште чечимдерге вето салуу укугуна ээ Орусия менен Кытай Косвонун болочок статусу боюнча сүйлөшүүлөр али улантылышы керек деп эсептейт. Кабарларга караганда, алардын көз карашын Коопсуздук кеңешинин азыркы туруктуу эмес мүчөлөрүнөн Индонезия, Конго, Гана сыяктуу мамлекеттер да бөлүшөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG