Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

ТОПЧУБЕК ТУРГУНАЛИЕВ: БИЙЛИКТИН ЧӨНТӨК ПАРЛАМЕНТИ КЕЛДИ


«Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев парламенттик шайлоо ыплас өттү, “Ак Жол” партиясында мурдакы бийликтин тушунда эл куруткан каражолчулар толуп алды деген сын билдирүүлөр менен чыгууда.

- Кечээ Жогорку Кеңештин жаңы курамы белгилүү болду. Бүгүн алар алгачкы жыйынын баштаганы турат. Сиздин оюңузча парламенттин жаңы курамы кандай түзүлдү?

- Бүгүнкү Жогорку Кеңештин курамында мурдагы эле заманда Кыргызстанды куруткандардын, Кыргызстандагы демократияны көз көрүнө басып- тепсеп келгендердин көбү отуруп калды. Ошондуктан бүгүнкү бийлик мурдагы замандын жолуна кайрадан түшкөнү даана көрүнүп турат бардыгы жагынан. Шайлоону ушунчалык ыплас өткөрдүк. Ал эми саясий себептер менен адамдарды камай баштаганы, соттой баштаганы эски замандын эле көрүнүштөрү кайталанып атат. Ошондуктан, биринчиден “Ак жолдун” ичинде каражолчулар эбегейсиз көп деп мен “Ак жол” партиясы түзүлгөн күнү эле айттым эле. Мына ошол далилденип атат. Экинчиден “Ак жол” гана эмес берки “Ата мекен”, Социал-демократтар бардыгы ушунчалык ыплас өткөрүштү шайлоо компаниясын. Ал эми Социал-демократтар менен коммунисттердин Жогорку Кеңешке келип калышы бул саясий соодагерчилик. Саясий соодагерчиликте Кыргызстанда акыркы эки жарым жылдын ичинде биринин артынан бири келатат. Мен эки эле нерсени айтып коеюн. Мына саясий соодагерчиликтин натыйжасы бул тандем болгон. Жогорку Кеңешти революциянын эртеси күнү эле таркатыш керек болчу. Ал дагы саясий соодагерчиликтин натыйжасында калып калган. Ал эми былтыркы жылдын 54 күнүндө үч Конституция кабыл алып, ал дагы Акүй менен Бозүйдүн ортосундагы саясий соодагерчилик болгон.

- Бул арада жер-жерлерде шайлоонун жыйынтыгына нааразылыктар билдирилүүдө. Сиздин баамыңызда мындан аркы кырдаал кандай өнүгүшү мүмкүн?

- Кырдаал өтө татаал боло баштады. Себеби, миллиондогон адамдар нааразы. Мен Кыргызстанды түрө кыдырып жүрөм. Бул бүгүнкү нааразылыктар эртең элдин толкунуна, уюшулган кыймыл-кыймылга айланышы мүмкүн. Ал эми “Ак жол” бийлеп турганда Акүйдүн түздөн-түз баласы чөнтөк парламент болот. Биз мурда эле ушинтип айтып жүрчү элек, эми азыр ого бетер чөнтөк парламент болду. Эгерде “Алга Кыргызстандан” мурдагы Жогорку Кеңеште 33 депутат отурса, азыр болсо 90дон 71и “Ак жолдон” отуруп калды. Беркилердин деле бир топтору ошондой эле жолго түшөт, көрүп турасыңар. Ошондуктан бул өлкөнү демократиядан оолак түртүү.

-Кечээ Бишкекте “Мен ишенбейм” деген акциянын катышуучуларын милиция кармап кетип, сот түнүчүндө 16 жарандын бир тобун 5 күндөн 7 күнгө чейин абакка кести. Мындай мамиле кайрадан нааразылыктарды курчутпайбы?

- Албетте курчутат. Себеби кечээ күнү саат беште мен партиянын жетекчиси, эркиндик үчүн күрөшкөн укук коргоочу институттун жетекчиси катары орун басарларым менен барсам, атактуу укук коргоочу Төлөйкан Исмаиловага мени жолуктурбай койду. Кичинекей эле чиндеги адамдар жогору жактан бизге ушундай буйрук келген дейт. Мурдагы замандагы эле жооптор. Демек, бул өзү саясий себептер менен соттолуп камалды.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG