Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

“АТА МЕКЕН” ПАРТИЯСЫНЫН АРЫЗЫ СОТТО КАРАЛУУДА


Бүгүн Биринчи май райондук соту “Ата мекен” партиясынын БШКнын шайлоонун жайынтыгы боюнча чыгарган чечимин жокко чыгаруу арызын кароого киришти. “Ата мекенчилер” БШК добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалаганын айтышып, партия Ош шаары боюнча жарым пайыздык чектен өткөндүгү тууралуу далилдер бар экенин билдирди. Ал эми БШКнын юристи добуш берүүнүн жыйынтыктары мыйзамда көрсөтүлгөн талапатардын негизинде чыгарылган деп, БШКны жоопко тартууда негиз жок деп билдирди.

“Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү Ош шаардык шайлоо комиссиясынын алгачкы маалыматтары менен БШКга берген маалыматы дал келбей жаткандыгын белгилешти. Мындан тышкары партиянын юристтери 16-декабрда саат 17:08 болгон учурда эле “Шайлоо” мамлекеттик автоматташтырылган системасында “Ата Мекен” үчүн берилген добуштар 0,5 пайыздык чектен ашып түшкөнүн айтышты. Партиянын мүчөсү Темир Сариевдин белгилешинче, Ош шаарындагы 82 шайлоо участогунун сексен биринен алынган маалымат боюнча шайлоо күнү кечки саат 17:08де “Ата Мекен” үчүн берилген добуштар 0,62% түзгөн:

- Бул жерде так, ачык жазылып турат, “Ата мекен” партиясы бул убакытта 0,62% добуш алган деп. Ал эми калган добуштарды эске алып жыйынтык чыгарууда бул көрсөткүч 500 добушка азайып кетпейт эле. Биз ушуга чейин дагы 300 добуш кайда кеткенин билбейбиз.

Бирок БШКнын юристи Мирбек Акматов бул алдын ала гана маалыматтар болгондуктан, эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес деп билдирди:

- Саат 17:08де алдын-ала гана маалыматтар. Муну жыйынтыктоочу деп айтууга болбойт.

Ошондой эле “Ата мекен” партиясынын юристтери Ош шаарынан жетиштүү добуш алгандыгы тууралуу “Жарандык коом жана демократия үчүн” Коалициясынын, “Таза коом” , “Интербилим” уюмдарынын жана участкалык шайлоо комиссияларынан алынган 80ден ашуун протоколдорун ишке тиркешти. Бирок бул протоколдорду да БШКнын өкүлү бул документтер качан түзүлгөнү жана кайдан алынганы тууралуу маалыматтар жок деген негизде, алардын юридикалык күчүнө күмөн санады:

- Бул протоколдор качан түзүлгөнү тууралуу маалымат жок. Бул кагаздар кайдан алынды, болгондо до айрымдары сыя менен эмес, жөнөкөй калем менен жазылган экен. Мен бул протоколдордун юридикалык күчүн тааный албайм.

БШКнын өкүлүнүн далилдүү маалыматтарды ачыктан ачык тааныбай жатканына нааразы болуп “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Болот Шернияз сот отурумунан чыгып кетти.

“Ата мекен” партиясынын мүчөсү Темир Сариев эгерде жергиликтүү сот партиянын арызын канааттандырбаса эл аралык сотко кайрылышаарын билдири:

- Биз жергиликтүү сот адилет чечим чыгырат деген үмүтүбүз бар. Бирок учурда соттор кандай иш алып барып жатат, бардыгыбыз билебиз. Эгерде райондук сот биздин арызды канааттандырбаса, биз Жогорку сотко, андан майнап чыкпаса, эл аралык сотко кайрылабыз. Алар өз чечимин чыгарып беришет.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Мадина Давлетбаева сотко берилген документтер менен таанышуу үчүн сот ишин кароону эртеңкиге жылдырды.

XS
SM
MD
LG