Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:13

ЖК ТӨРАГАЛЫГЫНА АДАХАН МАДУМАРОВ ШАЙЛАНДЫ


Жогорку Кеңеште бүгүн жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Адахан Мадумаров спикер болуп шайланды. Анын талапкерлигин 90 депутаттын ичинен 79 жактады, сегизи каршы болду. “Бул өтө оор, өтө жооптуу кызмат. Бир атанын балдарындай болуп бир багытта кеткен болсок ишибиз женилдейт”,- деп билдирди А. Мадумаров шайлангандан кийин депутаттарга кайрылып сүйлөгөн сөзүндө. А. Мадумаровдун талапкерлигин Жогорку Кеңеште конституциялык көпчүлүктү түзгөн “Ак Жол” партиясынын өкүлдөрү көрсөтүштү. Социал-демократтар менен коммунисттер баары бир “Ак Жолдун” талапкери өтөт деп өздөрүнүн талапкерлерин сунуш кылышкан эмес.

XS
SM
MD
LG