Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

ОРУСИЯНЫН ТАРЫХЫЙ МАМДУМАСЫ АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНГА ЧОГУЛДУ


Амирбек Усманов, Прага Дүйшөмбү күнү Москвада Орусиянын бешинчи чакырылган Мамлекеттик Думасынын пленардык жыйыны ачылды. Жаңы Дума 2- декабрда шайланган. Премьер- министр Виктор Зубков жыйында сүйлөп, депутаттарды Орусиянын дүйнөлүк экономикадагы жана саясаттагы лидердик ролун бекемдөөгө милдеттендирди. Думада бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясы конституциялык көпчүлүктү түзгөндүктөн, көбүн эсе алар оң көргөн мыйзам долбоорлору кабыл алынат дешет серепчилер.

Мамдуманын пленардык биринчи жыйынын аксакал депутат, Нобель сыйылыгын лауреат Жорес Алферов ачты. Академик Алферов өз сөзүндө Мамдума өлкөдөгү жакырчылык менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл буруш керек экенин белгилей кетти.

Президент Путин мурда күтүлгөндөй Думанын бүгүнкү жыйынына катышпады.

Жаңы Мамдума- Орусия парламентин бир кылымдан узагыраак тарыхында биринчи ирет бешинчи мөөнөткө шайланган парламент. Анын 450 мүчөсүнүн 86 проценти эркектер жана 14 проценти же 63 аялдар.

Парламенттеги 315 орун кремлчил “Бирдиктүү Орусия” партиясына таандык. Коммунисттер 57 мандатка, ашынган улутчул Жириновский башындагы Либералдык- демократтык партия 40 жана “Адилеттүү Орусия»- 30 мандатка ээ. Ошентип, “Бирдиктүү Орусия” Думада конституциялык көпчүлүктү түзгөндүктөн, “жаңы Мамдума дагы” “Бирдиктүү Орусиянын” мүчөлөрү жетегинен чыкпайт,” дейт депутат- коммунист Виктор Илюхин.

“Бирдиктүү Орусиянын” 17- декабрда өткөн курултайында президент Путин бюджетти кайра карап, коомдук сектордо орточо маяна келерки жылдын 1- февралынан тартып 14 процентке, аскерлердин маянасын эки айлампа менен 18 процентке көбөйтүлсүн деп тапшырма койгон. Мурда айлык акылар 1- сентябрда көбөйтүлөт деп пландалган болчу.

Премьер- министр Зубков болсо Мамдуманын депутаттарын Орусиянын дүйнөлүк экономика менен саясаттагы лидерлик ролун бекемдөөгө чакырды:

-Биздин президент Путиндин кайрылууларында айкын көрсөткөн жана өкмөттүн документтеринде бекитилген жалпы максатыбыз бар. Бул - эң алды: жарандардын турумушун жакшыртуу, инновациялык экономиканы куруу, адамдардын мүмкүнчүлүгүн кеңири ачууга шарт түзүү. Акыр соңунда, Орусиянын дүйнөлүк экономикалык жана саясый жарандардагы жетектөөчү лидерлик ролун бекемдөө.

Думанын жетекчилиги да өзгөрбөйт, анын ичинде Борис Грызлов кайрадан төрага, Жириновский төрага орун басары шайланат деп боолгонууда.

Кызыгы, шайлоо учурунда өз партиялары атынан федералдык тизмеге кирип, анын алдыңкы сабында турган 100дөй чиновник менен саясатчы жогорку өкмөттүк кызмат үчүн депутаттык мандаттан баш тартышты. Андыктан, шайлоочулар бүгүнкү жыйында өздөрү добуш берген адамдардын жоон тобун көрүшкөн жок.

XS
SM
MD
LG