Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

ОППОЗИЦИЯ БИРИГҮҮ АРАКЕТИН КӨРӨ БАШТАДЫ


«Ата Мекен» партиясы бүгүн өлкөдөгү соңку кырдаалды талкуулаган жыйын өткөрдү. Анда оппозициялык партиялар мындан ары биргелешип аракет көрүү, элдик курултай өткөрүү, жаңы Конституция кабыл алуу боюнча 300 миң кол топтоо, кайра шайлоо өткөрүү жана коомдук парламент түзүү сунуштары айтылды. Жыйын соңунда оппозициялык күчтөр бүгүнкү сунуштардын жыйынтыгын эртең чыгаруу чечимине келишти.

«Ата Мекен» партиясы уюштурган бул жыйынга «Асаба», «Ар намыс», «Жашылдар», «Таза коом» сыяктуу партиялардын лидерлери, саясат таануучулар, коомдук ишмерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Анда негизинен парламенттик шайлоодон кийинки кырдаал, мындан аркы кадамдар тууралуу сөз болуп, опппозициялык күчтөрдүн биригүүсү зарылдыгы баса белгиленди.

«Ата Мекен» партиясынын саясий кенешинин мүчөсү Кубатбек Байболов азыр оппозиция бирикпесе жалгыздап эч нерсе кыла албасына көзү жетти дейт:

- Оппозиция лидерлеринин биригиши - күндүн, учурдун талабы. Алар каалайбы, каалабайбы, биригүү жолу менен гана прогрессивдүү кадамдар пайда болбосо бириндеп эч нерсе кыла албасына көзү жеткен учур деп ойлойм.

Кубат Байболов ошондой эле жаңы конституция кабыл алуу үчүн 300 миң жарандын колун топтоо сунушун айтып, азыр мыйзамдарды элдик демилге аркылуу гана киргизүүдөн башка ылаажы калган жок деп эсептээрин билдирди

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев болсо азыркыдай шартта оппозиция бириге алабы деген сурообузга мындайча жооп узатты

- Улуттук деңгээлдеги тигил же бул маанилүү маселелердин айланасында оппозициялык гана эмес, бардык прогрессивдүү күчтөр бириге алат деп ойлойм. Бирок ал кандай формада болоорун убакыт көрсөтөт. Бириге алышыбыз бул – факт. Анткени Кыргызстандын тарыхында, мейли, 2005-жылдын мартынын алдындабы, акыркы айлардагы окуялардын алдында дейлиби оппозиция биримдүүлүгүн көрсөткөн. Эми бул канчалык натыйжалуу, канчалык туруктуу болот, аны убакыт көрсөтөт.

КДК партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев болсо шайлоонун ыплас өтүшү оппозициянын биригүүсүнө негизги фактор болуп жатканын айтат. Анын пикиринде, оппозиция лидерлери эми «сен кыйын, мен кыйын» деген кур дымактарын таштап, элдин, өлкөнүн келечеги үчүн орток тил табышканга жетишүсүү керек.

Белгилүү коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев да оппозициялык күчтөрдүн биригишин колдоп, бирок аракеттер мыйзам чегинде болушу керектигин белгилейт:

- Мындан ары бөлүнбөй, бытыранды болбой Кыргызстандын келечеги үчүн, акыйкат үчүн чогуу бололу деген аракеттер болуп атат. Мен да аны туура көрөм, ар ким өз укугу, жалпы элдин тагдыры үчүн күрөшпөсө болбойт. Бир гана нерсе мындай аракеттердин баары мыйзам чегинде болушу керек.

Бүгүнкү жыйында ошентип элдик курултай өткөрүү, коомдук парламент түзүү, кайра шайлоо өткөрүү жана жаңы конституция кабыл алуу боюнча кол топтоо сыяктуу бир топ сунуштар айтылды. Саясий партиялардын өкүлдөрү эми эртең дагы бир жолу чогулуп, айтылган сунуштардын негизинде бүгүнкү талкуунун жыйынтыгын чыгармай болушту.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG