Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

ЖАЛАЛАБАТТА «АТА МЕКЕНЧИЛЕР» КАРШЫЛЫК АКЦИЯЛАРЫНА КАМЫНУУДА


Облустун шайлоочулары Борборшайлоокомго кайрылып,16-декабрдагы шайлоону мыйзамсыз деп табууну талап кылышты. Алар «Ак жол» партиясы үчүн жан тартууулар күчтүү болгондугун жана административдик ыкмалар колдонулгандыгын белгилешүүдө. Талаптары аткарылбаса, район-облустук бийликтердин алдында саясий акцияларды өткөрүүнү жана жолдорду тосууну болжошууда. Бул тууралу «Ата Мекен» партиясынын өкүлү Кубатбек Артыков билдирди. “Ак жол” партиясынын облустагы төрагасы болсо партияга негизсиз асылуулар болуп жаткандыгын маалым кылды.

16-декабрда шайлоочулар менен байкоочулардын укуктары бузулган. Административдик ыкмалар колдонулуп, “Ак жол” партиясына үгүттөөлөр болгон. Ушундай мыйзам бузууларды өз кайрылуусунда белгилеген облустун жарандары Борбордук шайлоо комиссиясынан шайлоону мыйзамсыз деп табууну талап кылышкан.

- Административдик күч колдонулуп, элди экиге бөлүп, ачык эле “Ак жолго” зордук менен добуш берүүгө үндөштү. Байкоочуларды участкадан айдап чыгып, каалаганча добушун уурдап жатышты. Шайлоо участкаларда “Ата мекен” партиясына добуш бере турган шайлоочуларды тизмеден чыгарып, шайлоого катыштырбай коюшкан. Шайлоону мыйзамсыз деп эсептейбиз, - деп билдирди Базаркоргон районундагы шайлоочу Олжобай Боронбаев.

Алар талаптары аткарылбаса, жергиликтүү бийлик имараттарынын алдында нааразылык иш-чараларын өткөрүүгө, андан да майнап чыкпаса, өлкөнүн башкы жолун тосууга камдуу турушат, дейт «Ата Мекен» партиясынын райондогу өкүлү Кубатбек Артыков.

Аталган партияга добуш берүүсү ыктымал деп күтүлгөн бир канча жарандардын ысымдары шайлоо тизмелеринен жок болуп чыккан. Бул окуяны сотко берүүгө шайлоочулар каалаган эмес. Башка жарандар менен бирге Чолпон Абазбеков да жубайы менен шайлоо тизмесине кирбей калганына таң калууда:

- Орусияга кетип үч жылдан бери айылга келбегендердин тизмеси бар да, биздики жок. Аялым мисалы паспортту 5 жыл мурун алган.

Мыйзамбузууларды белгилеген «Ата мекен» партиясынын жер-жерлердеги өкүлдөрү өткөн аптада облустун Жалалабат шаары менен Сузак, Базаркоргон, Ноокен райондук шайлоо комиссияларына кайрылган. Алар күмөн туудурган шайлоо участкаларын ачып, добуштарды кайра эсептөөнү талап кылышкан. Партиянын атынан депуттыкка талапкерлер болгондордун бири Советали Сеитбековдон алынган маалымат боюнча шайлоо комиссиялары кайрылууну териштирүүнү жок шылтоолор менен артка жылдырууда.

Партиянын Жалалабат шаарындагы өкүлү арызды кароого келбей койгон. Шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Талант Касымовдун жообу боюнча арызды канааттандырууга негиз болгон эмес:

- Эч кандай далил жок. Ошон үчүн шайлоо кодексинин 54-статьясына таянып четке каккан жыйынтык чыгарып бердик.

«Ак жол» партиясынын облустагы төрагасы Абдымалик Бектемиров «ата мекенчилердин» айыбын четке какты:

- Утулган адам ар кандай нерсени айтып утулганын мойнуна алат. Утулгандан кийин утулдук деп, 16сы күнү шайлоо өткөн болсо, 17синен баштап келерки шайлоого даярданыш керек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG